Өзүн “Донецк элдик республикасы” деп атап алган аймакта “Гиви” каймана аты менен белгилүү жикчилдердин талаа командири Михаил Толстых мерт болду. Бул тууралуу “Интерфакс” билдирди. Маалыматта ал теракттын кесепетинен өлгөнү айтылат.
Донецктин мурдагы “коргоо министри” Игорь Стрелков (Гиркин) “ВКонтакте” социалдык түйүнүндө Толстых иш бөлмөсүндөгү жардыруудан жан бергенин жазды. Буга чейин “Гиви” Авдеевкадагы атышуулар мезгилинде жаракат алганы кабарланган болчу.
Михаил Толстых жана анын “Сомали” батальону 2014-жылы Донецктеги Иловайск аэропортунда орусиялык жикчилдер менен украин аскерлеринин салгылашуусунда белгилүү болгон.
Соңку айларда жикчилдер лидерлерин жоготуп жатканы бир нече жолу айтылган. 4-февралда Лугансктагы жардыруу маалында өзүн “Луганск элдик республикасы” деп жарыялап алган аймактын “элдик милициясынын” жогорку даражадагы ишмери Олег Анащенко мерт болгон. Январдын аягында Москвада “Луганск элдик республикасынын” башчысы Валерий Болотов көз жумган. 2016-жылы октябрда “Донецк элдик республикасынын” талаа командири, “Моторола” ысымы менен белгилүү Арсен Павлов өлтүрүлгөн.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ