Menu

Ошто мугалимдерди Садыр Жапаров менен жолугушууга барууга мажбурлашкан

Бөлүшүү:

Оштун мугалимдерин президенттин м.а. Садыр Жапаров менен жолугушууга келүүгө мажбурлашкан. Бул тууралуу Нурсултан Акылбек Twitter баракчасына жазып чыкты.

Анын айтымында, мугалимдерди Ош шаарындагы борбордук стадионго паспорттору менен келүүсүнө буйрук беришкен.

“Өлкөнүн түштүгүндө коронавирус күчөп жатканын, көпчүлүгү ооруп, каза болуп, жалпы статистикага кирбей калып жатышканын эске салам. Шайлоо учурунда партияларга стадионго элди чогултууга тыюу салынган, бирок ага (С.Жапаровго)  баары болот” – деп жазган ал.

Белгилей кетсек, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун өлкөнүн аймактарына жумушчу сапары уланууда. Бүгүн түштүк борбордун стадионунда ал жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Маалыматтар боюнча, ал жолугушууга болжол менен 4 миң адам келген. Эми ал Жалал-Абад облусуна сапар алды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 32 − 25 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: