Menu

Сюита Соурбаева Жогорку Сотко пресс-катчы болуп келгени журналисттер менен алака жакшырды

Бөлүшүү:

Эки жыл мурда Жогорку соттун пресс-катчысы болуп Сюита Соурбаева келген. Ошондон бери карай маалымат каражаттары менен тыгыз иш алып баруунун натыйжасында сот тармагы мурдагыдай “караңгы” болбой калды. Негизи оомал-төкмөлүү турмушта адилеттик үчүн болгон күрөш токтобой келет. Ошол башкы тилектин орундалышына маалымат каражаттарынын таасири эч нерсеге алмаштыргыс. Оң тарабын да, тескери жагын да ошолор мизилдете элге жеткирип турат. Салтка айланып калган жолугушууда көп “сырлар” ачыкка чыкты.

Жогорку соттун төрайымы катышкан баарлашууда журналисттер көкүрөктү өйүгөн суроолорун жаадырышты. Айнаш Токбаева бардык ташталган соболдорду жоопсуз калтырбоонун аракетинде болду. Ошол эле соттук реформалар, акыркы учурдагы резонанстуу соттук териштирүүлөр, кадрдык дайындоолор, декларация, тууганчылык боюнча агытылган суроолордун тегерегинде кеп кылган сот тармагынын жетекчиси ачык-айрымдыкты карманып татыктуу жообун узатты. Ал тургай сиз трайбалист эмессизби деген талылуу суроого да жеткиликтүү фактыларды камтып жооп узатканы ишеним жаратты.

Чынын айтканда сот тармагы азыр жаңылануунун, тазаруунун жолун салууга далалат кылып жатат. Бийликтин алмашуусу да кыйла маселе жаратты. Анткени мурдагы бийликтин учурунда камалгандардын жакындары, санаалаштары өз “каармандарын” чыгарып алуунун амалын колдонуп көрүштү. Бирок, мыйзам кылдат сакталышы керектигин, басым жасалса эле шайы ооп кетпесин сот тармагы бекемдеп койду. Ошондон улам көз караштар калыбына келтирилди. Демек, мыйзамды кармануу башкы милдет экенин дагы бир ирет тастыкташты. Албетте, жолугушууда ушул маселеге да көңүл бурулду. Ток этерин айтканда төрайым менен болгон кездешүү көп нерсени ачыктады жана алаканын болуп турганы жакшы экени айгинеленди.

Булак: “Ачык сөз” 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: