Menu

Өзбекстанда эски паспорттордун мөөнөтү узартылды

Бөлүшүү:

Өзбекстан өкмөтү эски, биометрикалык эмес паспорттордун мөөнөтүн 2019-жылдын 31-декабрына чейин узартты. Тиешелүү токтом 30-июнда кабыл алынган.

Юстиция министрлиги Telegram-каналында билдиргендей, биометрикалык эмес паспорттор бул мөөнөткө чейин чет өлкөгө чыгуу-кирүү учурунда жарамдуу болот.

Өзбекстанда биометрикалык паспортторду берүү 2011-жылы ноябрда башталган. Документти алмаштыруу 2015-жылы аякташы керек болчу, бирок кийин анын мөөнөтү 2018-жылдын 1-июлуна чейин узартылган.

Өлкө ИИМи паспортун алмаштырбаган жарандар үч минималдык айлык көрсөткүчкө чейинки айыппулга жыгыларын эскерткен.

Расмий маалыматтар боюнча июнь айына карата биометрикалык паспорт алгандардын саны 21,194 миллион жаранды (94,9%) түздү.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − = 61

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: