Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети 2017-2020-жылдары экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик программанын долбоорун жарыялады. Анын максаты “радикалдуу идеологияга каршы коомчулукта иммунитет жаратууга жана радикалдуу көрүнүштөргө чыдамдуулук көрсөтпөөгө” багытталат.
Мамлекеттик программадагы маалыматка караганда, акыркы төрт жылда террордук активдүү зоналарга 546 казакстандыктын чыгып кетүүсүнө бөгөт коюлган. 2013-жылдан бери 27 экстремисттик мүнөздөгү акция болтурулган эмес.
Радикалдуу көз караштардын пайда болушун шарттаган ички жана тышкы факторлорду жоюу менен Казакстан дүйнөдөгү кыйла өнүккөн отуз өлкөнүн катарынан орун алууга ниет кылууда.
Программанын авторлору диний кастыкты козутууга багытталган экстремисттик идеяларды колдогон кишилердин санын жыл сайын беш пайыздан азайтууну максатташууда. Мындан тышкары көчөгө видео көзөмөл орнотууну көбөйтүү каралган.
Долбоордо экстремисттик жана террордук идеологиялардын күч түзүмдөрүнүн арасында жайылышына бөгөт коюу тапшырмасы дагы бар.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ