Menu

Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңешти башкара албай калды

Бөлүшүү:

Быйыл Кыргызстанда президенттик шайлоо, саясий кырдаал оор. Президент Атамбаев мыйзам чегинде шайлоодо кайсы талапкер утуп чыкса ошол адамга президенттикти өткөрүп берүүгө даяр. Бирок кимге? Талап­кер көп, так бирөө. Так талашка түшкөндөр “Чабал өрдөк эрте учат болуп” кээ бири ачык айтып, региондон делегаттарын чакырып съезд өткөрсө, кээ бири партия колдосо чыгам деп аламанга түшчү аргымактай өпкөлөрү кеөдөнгө батпай элирип турган чагы. Негизи президенттин мөөнөтү 1-декабрь 2017-жылы аягына чыгат. Бирок негедир ажонун айланасындагыларда, саясий серепчилер дагы азыркы саясий экономикалык кырдаалга байланыштуу шайлоо мөөнөту жылып кетиши ыктымалдыгын тана алышпайт. Анткени акыркы окуялар саясатта бир катар олку-солкуларга жол берип, сая­сий стабилдүүлүк жоголуп, кырдаал курчуп бара жаткандай. Дагы бир кызыктуу жагдай, быйылкы 2017-жыл негедир 2010-жылга окшош болуп бара жатат. Неге дегенде, 2010-жылы бийликти убактылуу өкмөт башкарат дегени менен бийликти көчөдөгүлөр башкарган. Ал эми 2017-жылдын башталышында эле көрүнүп тургандай, президент учурдагы процессти толук көзөмөлдөбөй калды. Жогорку Кеңешти болсо көпчүлүк коалиция же Чыныбай Турсунбеков башкарбай, ээсиз болуп турат. Коалиция каалаган убакта тарап кетиши мүмкүн.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: