Орусия Коргоо министрлиги түрк аскерлери өз-ара аракеттерин макулдашпагандыктан, Орусиянын аба соккусуна кокустан кабылган болушу мүмкүн экенин четке какпайт. Бул тууралуу “Коммерсантъ” өз булактарына таянып билдирүүдө.
Гезиттин маалыматы боюнча аба соккулардын координаттары космостук жана агентуралык чалгындоонун негизинде тандалган. Аны эки өлкөнүн башкы штабдары алдын-ала макулдашкан. Түркиянын жөө аскерлеринин авиасокку боло турган аймакка жүрүш жасоосу – окуянын негизги себептеринин бири болушу мүмкүн.
Күн мурун Сирияда Орусиянын аба соккусунан үч түрк аскери мерт кетип, он бири жаракат алды. Орусиялык снаряддардын бири түрк жоокерлери жашаган үйлөрдүн бирине барып тийген.
Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы орус учагы Эль-Баб шаарынын аймагында аскердик тапшырманы аткарып жатып, кокустан түрк жоокерлери турган объектке сокку урганын ырастады. Орусия тарап сокку атайылап жасалбаганын билдирди.
Буга байланыштуу Орусиянын президенти Владимир Путин Түркия лидери Режеп Тайып Эрдоганга телефон чалып, көңүл айтты.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ