“Нарын жергесинин мисалында айтайын, жергиликтүү кеңешке шайлоолорго чейин анан шайлоодон кийин деп. Шайлоодо биз көп жылдык тарыхы бар партиялар деп СДПК менен “Ата-Мекенге” чуркап иштеп, добуш бердик. Керек болсо элди да бул партияларга үгүттөп жүрдук”, -деп билдирди Нарындын тургуну Света Саякбаева Сөз эркиндигин коргоо комитетинин өткөн жумада Нарында өткөргөн жыйынында чыгып сүйлөп.
“Натыйжада Нарын шаардык кеңешке 12 мандат менен СДПК бийликке келди. Бийликке келишкенден кийин көп кабаттуу үйлөрдө жашаган тургундардын көйгөйлөрүн караган эч ким жок. Быйылкы катуу суукта үйлөр ысыбай калды. Элди ойлогон эч ким жок. Депутат болуп кандай адамдар бийликке келишти? Мен ошону ачык эле айтайын деп жатам. “Каралар” келишти. Андан сырткары акчасы барлар, рекеттер, “толкачтар”, көчөдө коркутуп-үркүткөндөр, ушундай адамдар келди да депутат болушуп. Бир нерсе айткандан, мындай көчөгө чыккандан да коркосун. “Каралар” башка чаап өлтүрөбү деп. Же болбосо туугандарыңдын бирөөсүнө жамандык кылабы деп. Анан ошондой адамдар бийликке келгенден кийин биз кантип оңолобуз? 2009-жылы Отунбаева, Сариев, Топчубек Тургуналиев Нарынга келишкенде стадиондо кар менен койгулашкан мамлекеттик кызматкерлер азыр деле Атамбаевдин тушунда деле иштеп жатышат. Ошол кезде Отунбаевга каршы кыйкырып-өкүрүп жаткандар азыр Отунбаеванын жанына барып иштеп жатышат”, – деди Нарын шаарынын тургуну Света Саякбаева.
Булак: Кyrgyztoday.org
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ