Кандай керемет ыр! “Жүрөктөн чыккан ыр, жүрөккө жетет”- дегендей эле,
созолонгон обон менен коштолгон кубулжуган ыр, обончу жана аткаруучу ыраматылык Асанкалый Керимбаевдин мукам үнү менен ичиңдеги болгон таза, аруу сүйүүндү- Ак куу моюн бөтө көз, тал чыбыктай ийилген.Кумурска бел, кайкы төш, кош алмасы түйүлгөн- селкиңе билгизип, келечекте түбөлүк бирге болууга үндөйт. Бала болуп башыбызга түк чыккандан бери сүйүү –деп биз: Ата-мекенге, ата-энеге,бир тууганга, кыз-жигитке,жаратылышка болгон сезимибизди билчү элек. Ал эми эркек-эркекке, кыз-кызга сүйүшүп үйлөнөт -дегенди кулагыбыз менен угуп, көзүбүз менен көрмөк түгүл, түшүбүзгө кирчү эмес. Акыркы кездерде эркектен намыс (эки сүйлөп, сөзүнө турбагандар), сөздөн кадыр(айтылып, аткарылбаган ) кете баштады.Ошол сөздүн кадыры кете баштаганынын кесепети, турмушта өз кедергисин тийгизип, элибизди идеологиялык жактан жакырчылыкка такап,башка элдердин маданияты, каада-салты,үрп-адаты жашоо-тиричилигибизге сүңгүп кире баштады. Ошолордун бири “Ыйык Валентина” -күнү. Ал ким болгон, эмне үчүн ыйык, кайдан чыккан?-деген суроо, эч кимди кызыктырган эмес. Болгону “сүйүшкөн жаштар”дын никесин кыйган –деген маалымат бар. Эгерде, мамлекеттик деңгээлде улуттук идеология болгондо, ийне-жибине чейин изилденип чыкмак.Балким, бүгүнкү күндөрү жаштар арасында мынчалык кеңири белгиленмек эмес. Азыр белгилүү болгондой, Валентин Император Клавдий-II-нин армияга жарактуу жаш уландардын бири-бирине никелешүүсүнө каршы чыгарган буйругуна (аскерлердин бири-бирине баш кошуусу-армиянын кубаттуулугун жоготууга алып келген) баш ийбей, алардын никесин кыюну уланта берген.Императордун буйругун көзүнө илбегени үчүн, Валентин 14- февралда өлүм жазасына тартылган. Америкалык гомо-сексуалисттер 70-жылдары ушул күнү мыйзамдуу түрдө никеге тура башташкан да, Валентина күнү-деп атап алышкан. Ал эми кыргыздарга 90-жылдары “жөн” эле майрам катары кирип калган.
Жогорку таржымалды окугандан кийин кыргыздын намыскөй кыз-жигиттери “Валентина күнүн” белгилөөдөн баш тартышат го? –деп көптөн-көп үмүттөнөм. Болбосо, өзүңөрдү элестетип көрсөңөр? Кимди,эмне үчүн куттуктап жатканыңарды? Мен жаңылышпасам, бул үчүн мыйзам боюнча да жоопко тартса болот. Бизде мыйзам боюнча-эркек-эркекке баш кошууга тыюу салынган да? Же, мен жаңылып жатамбы? Эмнеси болсо да элибизге жат каада-салттан алыс эле жүрөлүчү? Асманыбыз ачык болуп, дүйнөдө тынчтык орноп, ата-эне, бала-бакырабыздын маңдайында жүргөнүбүз эле майрам эмеспи?
Райымбек Усупжанов, журналист
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ