Menu

Фото – Жалал-Абадда Ооганстан согушунун бүткөндүгүнүн 28 жылдыгы белгиленди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-февралда Жалал-Абад шаарындагы Жаштык сейил багында Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 28 жылдыгы салтанаттуу маанайда белгиленди деп маалымдады өкүлдүн басма сөз катчысы. Ушул окуяга арналган митинг эскерүү иш чарасы Жалал-Абад шаарындагы Жаштык сейил багындагы Ооганстанда курман болгон жоокерлерге арналып тургузулган эстеликке гүлчамбарларды коюу аземи менен башталды. Областтык деңгээлде өткөрүлгөн салтанаттуу митинг эскерүүгө областтын район-шаарларынан 100дөн ашуун Ооганстан согушунун ардергерлери, Улуу Ата Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлери жана областтык мекеме-уюмдардын жетекчилери катышты.

Ооганстандан Советтик аскерлердин чыгарылгандыгынын 28 жылдыгына арналган эскерүү митингиси Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимни менен башталды. Ооганстан согушунун аяктагандыгынын 28 жылдыгына арналган эскерүү митингисинде КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүгүнүн аппарат башчысы Нургазы Нармырзаев Ооганстан согушунун катышуучуларына атайын куттуктоо сөзү менен кайрылды.

-Ооганстан апаатына областыбыздан 1267 эр-азамат жоокерлер катышып, арасынан 27 жаш жигиттерибиз ошол жакта баатырларча курман болушту. Бир жоокерибиз дайынсыз жоголгон. Базар-Коргон районунун тургуну Юрий Исламов көрсөткөн эрдиги үчүн курман болгондон кийин ага Советтер Союзунун Баатыры деген наам ардактуу наам берилген. Анын ысмы Базар-Коргон районундагы Арстанбап айылдык аймагындагы өзү окуган мектепке ыйгарылган. Ал эми Ооганстан согшунан кайтпай калышкан баатырларыбызды элибиз эч качан унутпайт,- деди өкүлдүн аппарат жетекчиси Нургазы Нармырзаев.

Ооганстан согушунун ардагерлерин областтык ардагерлер кеңешинин төрагасы Садырбек Качкынбаев, областтык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун директору Маматжан Миянов, областтык Ооганстан согушунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Толубай Эрназаров куттукташты. Эскерүү митингинин аягында Ооганстан согушунда курман болгон баатырлардын  жаркын элесине арналып куран окулду.

КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев өздүк резервдик фондусунан  Ооганстан согушунун аяктагандыгынын 28 жылдык иш чарасын өткөрүүгө жана Ооган согушунун катышуучуларына жана майыптарына акчалай материалдык жардам көрсөтүүгө 110 миң 660 сом акча каражатын ажыратып берди.

Ооганстан согушунун ардагерлерине майрамдык сый тамак уюштурулуп, ондогон согуш ардегерлерине өкүлчүлүктүн Ардак Грамоталары тапшырылды. Өз кезегинде областтык маданият тармагынын кызматкерлери кеңири программадагы концерт тартуулашты. Райондук мамлекеттик администрациялардын башчылары- акимдер менен щаарлардын мэрлери Ооганстан согшунун ардагерлеринин областтык иш чарага  катышуучуларынын келип-кетүү каражаттарын толук көтөрүп беришти. 15-февралга чейин областтын бардык район-шаарларында Советтик аскерлердин Ооганстандан  чыгарылгандыгынын 28 жылдык салтанаттуу эскерүү митингдери жер-жерлерде уюштурулуп өткөрүлөт.

Жолдошбай Осмонов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: