Menu

“Азия ньюс”: Шадиев менен Артыкбаев мырзалар Калиевди “крайний” кылышабы?

Бөлүшүү:

Көп суроолор туулат… Бул эмне деген жигит, бейкүнөө эле адамды алар кантип «крайний» кылганы жатышат? Эгергетиканын мурдагы эки министри күнөөнү дагы бир мурдагы энергетика министри Айбек Калиевге оодара салчудай болуп турат. Ушундай да болобу? Мунун сыры ушунда, Аскар Шадиев менен Осмонбек Артыкбаев өтө бай чиновник-бизнемендер, ал эми Айбек Калиев болсо жөн гана жарды чиновник, анын эч кандай байлыгы жок.

«Башкы аткаруучулар Сапар Исаков, Аскар Шадиев, Осмонбек Артыкбаев, авария учурунда болсо Айбек Калиев чырдын ортосунда калды» деген көз караштар бар. Суроо туулат, аттиштердин ар бирин ким 600 доллардан сатып алган, кытай кредитинин акчасы кайда кетти? Эми элибиз Кытайга 480 млн доллар төлөп, же канча мекенчил азаматтарыбыздын каны төгүлгөн ыйык жерин берип кутулушу керек болот?..

Депутаттык комиссия өз ишин жасады, аттиштер 120 сомдун ордуна 600 доллардан, видеокамералар 50 доллардын ордуна 14,5 миң доллардан сатып алынганын, Минфин «Электрсганциялары» ААКына 386 млн. доллардын ордуна 150 млн. доллар эле которгонун ачык айтып чыкты. Эми кытайлар кредитти толук бойдон төлөтүү үчүн басым кылышат, эгер төлөй албасак жерибизди талап кылышы мүмкүн. Атамбаев жана анын командасы Аскар Шадиев менен Осмонбек Артыкбаевди кредит боюнча мындай келишимге кол коюуга мажбурлап жатканда эмне максатты көздөдү болду экен?

Эми документтерге кол койгон Аскар Шадиев менен Осмонбек Артыкбаев үчүн байкуш чиновник, бизнесмен эмес Айбек Калиев жооп бериши керекпи? Айтмакчы, Айбек Калиев кытай кредити боюнча документтерге кол койбоптур, жаңы ТЭЦтин ачылышына гана катышыптыр. Муну УКМКнын антикоррупциялык кызматынын жетекчилиги эң сонун билишет. Анда эмне үчүн документтерге кол койбогон Айбек Калиевди камашмакчы? Эмне үчүн баардык каржылык документерге кол койгон Аскар Шадиев менен Осмонбек Артыкбаев эркиндикте жүрүшөт? Бул суроого АКСтин жаңы жегекчиси Сагынбек Исмаилов жооп бере алабы? Эл адилеттүүлүктү күтүүдө.

Булак: ”Азия Ньюс”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 60 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: