Жаңы жыл түнү Стамбулдагы Reina түнкү клубуна кол салган Абдулкадыр Машарипов соттон өлүм жазасына тартууну суранууда. Бул тууралуу Sabah басылмасы жазды.
Учурда Түркияда 34 жаштагы өзбекстандык “Абу Мухаммед Хорасани” каймана аты менен белгилүү Абдулкадыр Машариповдун соттук жараяны башталды. Айыпталуучу катаал өкүм сураганы менен Түркияда өлүм жазасына тыюу салынган.
Алдын ала берген көрсөтмөсүндө Машарипов түнкү клубга кол салуу боюнча буйрукту Сириянын Ракка шаарындагы эмирден алганын билдирди. Бул калааны “Ислам мамлекети” тобунун жоочулары халифаттын “борбору” катары жарыялашкан.
Машарипов алгач Стамбулдун “Таксим” аянтында жардыруу уюштурууну мерчемдегенин, бирок ал жакта коопсуздук чаралары күчөтүлгөндүгүнө байланыштуу Reina клубуна кол салганын билдирген.
Куралдуу чабуул учурунда 39 киши өлүп, 69у жарадар болгон. Теракт үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу моюнуна алган. Абдулкадыр Машарипов кандуу окуядан 16 күн өткөн соң Стамбулда кармалган.
Кийинчерээк Түркиянын Anadolu агенттиги Абдулкадыр Машарипов Өзбекстанда террордук уюмдарга мүчө болгону үчүн издөөгө алынганын жазган.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ