Menu

Улуттук илимдер академиясы транс чек арадагы сууну пайдалануу боюнча сунуш иштеп чыгып өкмөткө жөнөткөн

Бөлүшүү:

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын  суу проблемалар жана гидроэнергетика институту тарабынан 2016-жылы базар экономикасы шартында сууну пайдалануу, ошондой эле транс чек арадагы сууну пайдалануу боюнча сунуштун долбоору иштелип Өкмөткө сунушталган. Бул маалыматты Физика-техникалык, математикалык жана тоо-кен геологиялык илимдер бөлүмүнүн  төрагасы академик Алтай Бөрүбаев бөлүмдүн жылдык отчетунда билдирди. Ошондой эле бөлүмдө Сары-Жаз кен казуу боюнча  техникалык-экономикалык негиздеме иштелип чыккан. Баш аягы бөлүмдө 31  илимий иштелме даярдалып, мамлекеттин чарбаларынын, мекемелеринин жана окуу жайларынын экономикалык, социалдык жана технологиялык таасирин арттыруу үчүн өткөрүлүп берилген.

Иш-чарага келген Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз- Россия Славян университетинин ректору, техника илимдеринин доктору В.И.Нифадьев өзү жетектеген окуу жайы менен Улуттук илимдер академиясынын тыгыз иштешүүсү майнаптуу болоорун белгилей кетти.

-Илимдин милдеттери биздин республиканын суроо-талаптарына ылайык болушу керек. Биздин жождор менен кызматташууну күчөтүү зарыл. Бул эл чарбачылыгында бир топ ийгиликтерге жол ачмак деп эсептейм. Мисалга, Кыргызстандын коопсуздугу боюнча иш жүргүзүү. Анын ичинде плотиналарды бекемдөө маселеси бар. Биздин окуу жайы бул маселени өзү чечкенге белсенди эле, бирок күчү жетпөөчүдөй. Ошондуктан биз Улуттук илимдер академиясы менен биргелешип тыгыз иштешибиз керек. Биз автоматика институту менен биргеликте плотинанын сууга туруштук берүүсүн ченегенге жабуу коюуну караштырып жатабыз. Себеби бүгүнкү күнгө чейин плотинанын бекемдигин баалоочу критерийлер иштелген эмес. Эгерде биз бул проблеманы академия менен биргелешип изилдөөгө киришсек, бул жөнүндө Өкмөткө маалымат берсек алар биздин демилгебизди колдойт деп ишенем. Бул изилдөө бизге гана эмес, Россияга да, Тажикстанга да зарыл – деди окумуштуу.

Академик Розалия Дженчураева Улуттук илимдер академиясынын жасаган иштери алымдуу болушу үчүн бир төмөндөй сунуштарды  киргизди:

-Биз жасап жаткан иштерибизге Өкмөттү тартышыбыз керек. Аны үчүн илимдер академиясынын ар бир бөлүмү өзүнүн даяр үлгүлөрүн, тажрыйбалык иштелмелерин, тизмелеп, өкмөткө сунуштайлы. Тигил же бул өндүрүштүн секторундагы жетекчилер биздин институтта кандай иштер жүргүзүлүп жаткандыгы жөнүндө кабардар болушу, жана анын ичинен кайсынысын колдоно алаарын карап көрүүсү керек” – деди ал.

Физика-техникалык, математикалык жана тоо-кен геологиялык илимдер бөлүмүнүн жылдык отчетуна Кыргызпатенттин, ЖАКтын өкүлдөрү, жождордун жетекчилери жана илимпоздор катышты.

Маалымат үчүн:

Бөлүмдө жалпысынан 8 институт бар жана 856 кызматкер эмгектенет. (илимий кызматкерлер – 361, алардын 14 академик жана 11 корреспондент-мүчө, 77 илимдин доктору жана 128и илимдин кандидаты). выполняли исследования по 23 проектам, общим объемом бюджетного финансирования Бюджеттик каржылоонун эсебинен 23 долбоор – 104418.3 миң сомго каржыланган. Чет элдик гранттар менен 9 долбоор (Математика, геология, сейсмология, астрофизика жана экология тармактарында) ишке ашырылган.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − = 75

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: