Өзбекстандын Самарканд облусунда 9-класстын окуучусу жети жаштагы кызды зордуктоого айыпталып кармалды. Маалымдалгандай айыпталуучу менен жабырлануучу бир мектепте окушкан.
Жашы жете элек балдардын иши боюнча ага инспектор Саттаровдун айтымында, сексуалдык зомбулук 8-февралда болгон. 14 жаштагы З.Р. мектепке келген кичинкей кызды эл көрбөгөн жерге алып барып зордуктап, андан соң бул тууралуу кимдир бирөөгө айтууга тыюу салып коркуткан. Өспүрүм чоң атасынын колунда тарбия алган, ата-энеси Орусияда иштеп жүрүшөт. Зомбулук көргөн кыз ооруканада дарыланууда.
Бул иштин социалдык тарабын иликтөө үчүн коомчулук өкүлдөрүнөн турган комиссия түзүлдү. Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы көрсөткөндөй, жабырлануучу кыздык белгисинен айрылган жана анча оор эмес жаракат алган.
Учурда кармалган өсүпүрүмгө карата “Зордуктоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголду, тергөө жүрүүдө. Окуя болгондон кийин аймактагы элдик билим берүү бөлүмдөрү кичинекей балдарды жалгыз мектепке жибербөө тууралуу тилкат алышууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ