«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев бүгүн, 16-февралда парламенттик жыйында өкмөткө бир катар суроо койду.
«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын жыйынында биз ЕАЭбге кирүүнүн жыйынтыктарын жана экономикалык көрсөткүчтөрүнүн төмөндөшү боюнча маалыматты угуп, Кыргыз Республикасынын отставкасы боюнча чечим кабыл алганбыз. Регламенттин негизинде Өкмөттүн 2016-жыл боюнча отчетун талап кылабыз, тез арада отчетун берсин. Ошого байланыштуу мен алдын ала суроолорду берип коеюн.
Мамлекеттик карыз дефицитке кирет. Июль айында 3 млрд 800 млн сомго ички карызыбыз көбөйдү. 1 млрд 200 млн сом мамлекеттик ипотекага өткөрүлдү, калган акчасы кайсы жакка жумшалды, кайсы экономикалык багытка берилди?
2013-2017-жылдардын Улуттук өнүгүү стратегиясы бекитилген, ал жакка 77 объект киргизилген. Жалпы суммасы 11 млрд доллар. Так маалымат жок, канча, кайсы объекттер бүткөрүлдү, кай жерде курулду?
«Күчтүү Кыргызстан – күчтүү аймактар» деген урааныбыз бар. Канча аймагыбыз, айыл өкмөтү дотациядан чыкты? Бизге так айтып берсин.
«Айыл Банк» жөнүндө маалыматтар чыгып атат. Анын имаратын бошотуп, ал жакка БШКнын мүчөлөрүн көчүрөбүз деп атышат. «Айыл Банк» 70 миң адамды тейлейт. Анын ичинен 80% дыйкандар. «Айыл Банкта» 250 кызматкер, БШКда 45 кызматкер иштейт. Ар үч кабинетке бирден БШК мүчөсүн отургузасыңарбы? Алдыда жазгы талаа жумуштары турат, дыйкандар жөнүндө ойлонобузбу, же БШКнын мүчөлөрү жөнүндө ойлонобузбу?».
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ