Кечээ, 7-декабрда президенттикке талапкерлердин кол топтоо баракчаларын текшерип жаткан БШКнын жумушчу тобу Кубан Чороевди шайлоо жарышынан четтетүү чечимин кабыл алышты. Бул тууралуу маалыматты журналисттерге БШКдан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, Кубан Чороев кол топтош үчүн баракчаларды басып чыгарууга акча төлөбөй туруп кол топтой баштаган. Анын кол топтоо баракчалары жараксыз деп табылганы белгилүү болду.
Шайлоо мыйзамдарына ылайык, кол топтоо процесси шайлоо фонду түзүлгөн күндөн тартып башталат. Кол топтоого байланыштуу бардык чыгымдар талапкердин шайлоо фондунан каржыланат. Кубан Чороев баракчаларды басып чыгарууга акчаны кол топтоо баракчаларын БШКга тапшыруунун акыркы күнүндө (3-декабрда) төлөгөн.
Ошентип, президенттик шайлоого катыша турган талапкерлердин саны 20дан 19га азайды. Алар:
1. Касенов Аймен Абдыталипович – 46 270 кол тамга,
2. Төлбаев Бабур Латиханович – 58 029,
3. Мадумаров Адахан Кимсанбаевич – 39 856,
4. Жапаров Садыр Нургожоевич – 59 998,
5. Жээнбеков Равшан Бабырбекович – 39 874,
6. Тагаев Рашид Бакирович – 40 651,
7. Абакиров Элдар Курманбекович – 43 630,
8. Байгуттиев Жеңишбек Сейтбекович – 51 856,
9.Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич – 47 998,
10. Асанов Курсан Сатарович – 43 864,
11. Калмаматов Бактыбек Орозалиевич – 35 300,
12. Арстанбек Мыктыбек – 33 083,
13. Сегизбаев Абдил Кеңешевич – 55 480,
14. Кочкоров Улукбек Тойчубаевич – 43 804,
15. Иманалиев Каныбек Капашович – 35 658,
16. Ташов Имамидин Асамидинович – 39 493,
17. Сооронкулова Клара Сыргакбековна – 33 458,
18. Исаев Канатбек Кедейканович – 38 987,
19. Токтосунов Кубанычбек Абдышевич – 30 106.
Белгилей кетсек, 14-декабрга чейин БШК талапкерлерди каттоодон өткөрөт. Шайлоо өнөктүгү 15-декабрда саат 08:00дө башталат. Президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ