Menu

Ооганстан террорчулардын Тажикстанга кирүүсүнө жол бербей турганын билдирүүдө

Бөлүшүү:

Кабул террордук топтордун чек арадан өтүп, Тажикстан аймагында теракт жасоосуна жол бербейт. Бул тууралуу Ооганстандын ички иштер министри Салахуддин Раббани тажик кесиптеши Сироджиддин Аслов менен жолугушуу маалында айтты.

Ооганстандын тышкы саясат мекемесинин башчысы Кабул өлкөнүн түндүк тарабындагы чек арасын сактоо боюнча милдеттенмелерин аткарарын жана Тажикстандын аймагына террорчулардын өтүүсүнө жол бербестигин билдирди.

Эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери мындан тышкары эл аралык терроризм, экстремизм жана мыйзамсыз маңзат жүгүртүүгө каршы күрөшүү маселелерин талкуулашты. Тараптар экономика жана энергетика тармагындагы биргелешкен долбоорлорду тезинен ишке ашырып, ошондой эле Ооганстандагы туруктуулукту камсыз кылуунун зарылдыгын баса белгилешти.

Ооганстандын ТИМ башчысы Салахуддин Раббани күн мурун иш сапары менен Дүйшөмбүгө келген. Дипломатты президент Эмомали Рахмон жана тажик парламентинин эки палатасынын спикерлери да кабыл алат.

                                                                     

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: