Euronews: Сиз Украинанын чыгышындагы жаңжалга кандай көз караштасыз, аны чечүүнүн кандай жолдору бар?
Алмаз Атамбаев: 2010-жылы биздин революциядан кийин да, июнь айында бизде да дал ушундай жаңжал болгон, улут аралык кагылышуу уюштурулган. Мен айрым бир өлкөлөрдүн атайын кызматтары уюштурган деп эсептейм. Бирок, силер билесиңерби, бизде да областтык жана райондук администрацияларды басып алышкан учурлар болгон. Мен премьер-министр, кийин президент болдум, бирок мындай учурларда эч качан Москвага же Вашингтонго телефон чалбадым. Андай жаңжалдуу жерлерге өзүм барчумун. Жанымдагылар “тигил райондогулар жолду тосуп алышыпытыр, биз да аларды жолдон кесип салбайлыбы, светин өчүрөлү, пенсияларын бербей коёлу” деп сунуш кылышканда мен аларга айтчумун: “анда тигилер биз ар башка мамлекетте жашайбыз деп айтып чыгышат” деп. Баса, Украинада революция болгондо мен албетте дароо колдоп чыккам. Анткени биз ал жолдон өткөнбүз. Мен дароо куттуктоо жөнөткөм, менимче АКШдан кийин эле, жана кайсы бир европалык өлкөдөн кийин болсо керек эле. Ошондо эле жазгамын улут аралык мамилелерге өтө этият болгула деп. Анткени мындай кутум уюштурулушу мүмкүн эле.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ