Алмаз Атамбаев 16-февралда Бельгия Королдугуна жумушчу визитинин алкагында Европа Кеңешинин Төрагасы Дональд Туск менен жолукту.
Анда быйыл Кыргызстанда өтө турган президенттик шайлоолор боюнча да пикир алмашуу болду.
Дональд Туск: Кыргызстандын сизден кийинки президенти ким болот жана сиз өзүңүзгө мураскер даярдап жатасызбы? Муну сиз билесиз деп ойлойм?
Алмаз Атамбаев: Мен азыр өлкөнүн кийинки тагдыры үчүн аябай кайгырып жатам. Президенттик шайлоо мыйзамга ылайык ноябрдын үчүнчү жекшембисинде, 19-ноябрда өтөт. Мен чын эле кийинки президент ким болорун билбейм. Муну шайлоо чечет. Бизде чындыгында эле аябай таза шайлоолор өтөт. Бирок, кийинки президент мен сыяктуу күчтүү жана принципиалдуу болбой калышы мүмкүн”, – деп жооп берди Атамбаев.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ