Menu

Эмилбек Каптагаев, Президенттик Аппараттын экс-башчысы: “Укук коргоо органдары менен сотторго люстрация керек”

Бөлүшүү:

-Эмилбек мырза, соц. түйүндөрдө өзүңө карата ушак таратып, жалаа жапкан гезиттерди сотко берүүгө ниеттенгениңди жазган элең, эмнегедир тынч эле турасың, же айнып калдыңбы?

– Ооба, мындан бир айдан ашык мезгил мурда “Мантыш” деген гезит карандай калпты, учугу узарбаган ушактарды жыйнап, мага карата жалаа жабуу аракетин кылып, Каптагаевдин кадыр-баркын коомчулуктун алдында тепсөө максатында макала жарыялаган, ошондо айткам. Чынымды айтсам мурда гезиттер менен соттошуу оюма да келчү эмес, анткени мен бийлик түзүмдөрүндө жүрдүм, “бийликтин күчүнө салып, соттор менен сүйлөшүп алып, прессага кысым жасап атат – деген сөз чыгат”-деген пикирде элем. Ал учурда сотто жеңип чыксаң дагы көп адамдар ишенбейт болчу, мага карата жазылгандар жалаа экендигине. Азыр болсо шарт башка, кырдаал өзгөрдү. Мен мамлекеттик кызматта эмесмин, тетирисинче, азыр бийликтин көзү мага түз эмес. Керек болсо “Каптагаевди да камаш керек” дегендер Акүйдө толтура. Ошондуктан “Мантыш”, “Багыт”, “Фабула”, “Де-Факто” сыяктуу бийликтин колун караган гезиттер аркылуу мага карата курулай жалаа жабылып жатпайбы. Азыр мен гезитти сотко берсем “прессаны кысымга алып жатат” – деген доомат мага карата айтылбайт. Куугунтукта жүрсөм колумдан келмек беле кысым кылуу. Тескерисинче, ошол эле гезит ээлери өздөрүнө буюртма берген бийликтеги кожоюндары менен чогуу-чаран Каптагаев “жеген, ичкен, уурдаган” дегендерин далилдешип, сотто баарын айкын кылууга мүмкүнчүлүк алып жатышпайбы. Чын эле алар жазып жаткандай мен бирдеме уурдап алган болсом, далилдерди жыйнай коюш алардын колундагы эле иш, бийлик колдорунда турат. Ошондуктан, “сотко берем” – деген ниетимден жазган жокмун, жакын арада сотко доо-арыз өтөт.

– “Ысык-Көлдө иштеп жүргөндө Каптагаев далай мыйзам бузган, ошондуктан ага карата кылмыш иштери козголгон” – деп айтып да, жазып да жүрүшөт. Бул сөздөрдө канчалык деңгээлде чындык бар?

– Ооба, Ысык-Көлдө 2002-жылы губернатордун биринчи орун басары болуп иштеп жүргөндө “Өнүгүү фондусунун каражатын пайдаланууда мыйзам бузуу болгон” – деген айып тагылып, 2008-жылдын апрель айында мага карата кылмыш иши козголгон. Ошол кезде эле айтылган – бул саясий буюртма, анткени ошол жылдын март-апрель айларында “Акыл Ордо” деген коом түзүп, облус боюнча эл менен жолугуп, Каркыра менен Көл жээгиндеги 4 пансионатты Казакстанга берүүгө каршы акцияларды уюштуруп жүргөнбүз. Апрель айынын аягына жөө жүрүш дагы пландалып жаткан. Мына ошол учурда мени коркутуш үчүн кылмыш ишин ача коюшканы чындык. Кылмыш ишин Эрнис уулу Айбек деген Финансы полициясынын тергөөчүсү козгоп, тергөө иштерин эптеп-септеп чампалай салып сотко өткөргөн. Анын бул чечимин ошол кездеги Баш прокурордун биринчи орун басары Асангелдиев деген беките салган. Адвокат экөөбүз ошондо коюлган айыптын ар бир пункту боюнча тушүндүрмө берип, ал жерде эч кандай мыйзам бузуу жок экендигин далидеп көрсөткөнбүз. Бирок, тергөөчү менен башкы прокуратура саясий буюрманы так аткарышкан, биз берген арызды карап да коюшкан эмес. Кылмыш ишин Каракол шаардык соту 2009-жылы туура бир жыл карады, будамайлап соттоп жиберүүгө да негиз таба алышкан жок. Аргасыздан “жоопко тартуу мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу’ – деп ишти жабышкан. Бирок, кийин мен өзүм арыз менен кайрылып, кылмыш иши туура эмес козголгонун, мыйзам бузуу жок экендигин, менин кыймыл-аракетимде эч кандай кылмыштын курамы жок экендигин жазып өткөргөм. Каракол шаардык соту 2009-жылы жабылган ишти кайра бузуп карап чыкты, мени толук актады. “Акыры барып чындык жеңди” – десем да болот. Мына ошондо мага жок жерден кылмыш ишин токуган тергөөчү Эрнис уулу Айбек деген азыр Биринчи май районунда судья болуп иштеп жатат, ал эми Асангельдиев деген дагы эле Башкы прокуратурада. Аларын артынан түшкөн жокмун Апрель революциясынан кийин деле. Ал эми Сиздин сурооңузга кайрыла турган болсом “Ысык-Көлдө иштеген мезгил боюнча ушул саясий буюртма менен ачылган кылмыш ишинен башка мага карата бир да доомат коюлган эмес, эч кандай иш козголгон эмес.

– Соттун чечими менен акталгандан кийин сага карата мыйзамсыз кылмыш ишин козгогондорду жоопко тартуу тууралуу эмне үчүн кайрылган жоксуң? Же “акталганыма шүгүр” деп эле ыраазы болуп отуруп калдыңбы?

– Менин оюмча – ар бир мага окшоп жасалма кылмыш иши козголуп, жабыр тарткандар акталып чыккандан кийин ошол жабырланууга түз себепчи болгон тергөөчүлөргө кылмыш ишин козгоп, аларды жоопко тартуу – бул прокуратуранын түз милдети болууга тийиш. Билишимче, мыйзамсыз кылмыш ишин козгогондорго да кылмыш-жаза жоопкерчилиги бар, тиешелүү статья бар. Ошондуктан “арыз берди” же “бербеди” – дебей эле мыйзам иштеши керек. Негизи, сотко кайрылып, ошол бир жарым жыл запкы жегенимдин компенсациясын Башкы прокуратура менен Финансы поли-иясынан өндүрүп алсам деле болмок окшойт, бирок ага деле барган жокмун. Жогоруда айтпадымбы, тергөөчүлөргө деле доомат койгон жокмун.

– Жогоруда айтып кеткендей ошол Бакиевдин тушунда саясий буюртма менен кылмыш ишин козгоп, ак жеринен кишини күйгүзгөн тергөөчүлөрдү, акыйкаттыктан тайып, жазыксыз адамдарды соттогон судъяларды 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин тазалап салууга болбойт беле? Адилеттик ушундай ишти талап кылып турган да. Мындай саясий кадамга барууга эмне жолтоо болду? Бийлик толук бойдон силердин колдойт эле го…

– Туура, ошондой кадам жасасак жакшы болмок экен, коом тазаланмак, далай “чаар ичегилерге” сабак да болмок, бирок андай ишти аткарууга чамабыз келген жок. Ал учурда деле кай бир судьяларды, прокуратура жана башка укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жасаган мыйзамсыз иштерин көрсөтүп туруп жумуштан кетирдик. Унчукпаи эле кетишкен. Бирок, Убактылуу Өкмөт кеткенден кийин алардын бары кайра эле келип алышыптыр.Азыр кайда карабагын, баягы Бакиевдердин “ур-токмоктору” отурат. Бул бүгүнкү күндүн чындыгы. Жогоруда айтпадымбы, ошол Бакиевдердин буюртмасы менен мага кылмыш ишин мыйзамсыз козгогон тергөөчү азыр сотто отурат деп, ал эми кылмыш ишин “мыйзамдуу” деп бекиткен киши дагы эле Башкы прокуратурада отурат. “Мурда саясий буюртма аткарып жүргөн немелер азыр судья катары же прокуратура кызматкери катары ошондой эле саясий буюртма менен дагы бирөөнүн тагдырына балта чаппайт” – деп ким кепилдик бере алат? Эч ким. Ушундан улам ошол убакта сунуш кылынган Люстрация дегенди биринчи кезекте ушул соттордон, прокуратура, коопсуздук жана милиция кызматкерлеринен баштасак туура болмок экен, аларды кызматтан четтетип гана тим болбостон атайын чечим менен эч качан юридикалык жакта иштөөгө укугу жок, адвокат болууга укугу жок, жада калса күзөт агенттиктеринде курал алып күзөтчү болгонго да укугу жок деп салса абдан туура болмок экен деп ойлойм. Ушул кадамга баруу зарыл болчу экен ошол убакта. Бул ой азыр келип жатпайбы башка. Азыркы буюртма иштерди ошол эле Бакиевдин заманында ошондой иштерде такшалгандар, кыргызча айтканда “капталын жегендер” жасап жатпайбы, муну кантип тана алабыз? Ошол кезде катуу чара көрүлгөндө азыркыдай укуктук өзүм билемдик жок болмок, бийликке жакпай калган кишилерге оңду-солду кылмыш иштери козголмок эмес.

Маектешкен Бабырбек ЖЭЭНБЕКОВ
Булак:“Алиби”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 99 − 90 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: