Кыргызстан мусулмандары дин башкармалыгынын жетекчиси кызматына талапкерлердин арызын кабыл алуу 24-февралда аяктайт. Азыркы муфтий Максат ажы Токтомушевдин үч жылдык мөөнөтү соңуна чыкты. Ал арада айрым жарандар Токтомушевди өз ордуна калышы үчүн Аалымдар кеңешине басым кылып жатат деп айыптап чыгышты. Жаңы муфтийди шайлоо боюнча Кыргызстан мусулмандарынын курултайы 4-апрелде өтөт. Анда муфтийден сырткары Муфтияттын борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы шайланат жана Аалымдар кеңешинин курамы жаңырат. Муфтий болом дегендерге жалпысынан 12 пункттан турган талап коюлган. Анда өлкөнүн Конституциясы, мыйзамдары жана демократиялык коомдун негизги принциптери жөнүндө кеңири түшүнүгү бар, ханафий мазхабын карманган, жогорку диний жана светтик билимге ээ, ислам негиздерин терең өздөштүргөн, муфтиятта кеминде үч жыл иштеген, мусулман коомчулугунун арасында аброю жогору жана элдин ишенимине кирген, саясий партиялар менен саясий кыймылдардын эч бирине мүчө болбогон жана соттолбогон адам болушу керек деп айтьшат.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ