Бишкектин Скрябин көчөсүндөгү Максим Бакиевге таандык 1 гектардан ашык жер Мамлекеттик мүлк фондуна сактоого берилди. Бул тууралуу башкы көзөмөл органы кабарлады. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы тарабынан аталган жердин сатылып кеткени боюнча Башкы прокуратура тарабынан 10-февралда козголгон кылмыш иши иликтенүүдө. Бул ишке тиешеси бар адамдардын аракеттерине укуктук баа берилет. Өзгөчө бул ишке Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашев негизги фигурант катары айыпталууда. Колуна кишен салынабы же жазадан кутулуп кетеби азырынча белгисиз…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ