Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техникалар департаментинин жетекчиси Рустам Курманов ээлеген кызматынан чегингени бул орунга көз арткандар көбөйүп, кадырлуу кишилер өз «кадрларын» сунуштап, эч нерсесин аябай, эптеп «ээрге» минип калууга далбас уруп жаткан. Айтып оозду жыйгыча, аталган департаментке өкмөт башчынын буйругу менен саламаттыкты сактоо тармагында билими, тажырыйбасы жок Гүлмира Шакирова дайындалды. Ар кандай жолдор менен ташылып келген, колдонууга уруксаат берилбеген дарылар Кыргызстанды аралап, жарандарга жардам бербей эле дартына дарт кошкон фактылар күн санап көбөйүп жаткан маалда бул тармак чыныгы адиске муктаж эле дегендер да жок эмес. Негизи эле саламаттыкты сактоо тармагындагы коррупциялашкан, майлуу-сүттүү деген бул департамент жаңыланууга, тазаланууга муктаж экендигин айта берип тил тешилди. Экономика илимдеринин кандидаты, каржылык чалгынчы болгон бул эжекебиздин эми бүтүндөй Кыргызстандын дары-дармек саясатын жүргүзүүгө дарамети жетээр бекен, аны турмуш көргөзөөр…
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ