Азербайжан президенти Ильхам Алиев жубайы, межилис депутаты жана Гейдар Алиев фондунун президенти Мехрибан Алиеваны өлкөнүн биринчи вице-президенти кылып дайындады. Бул тууралуу «Азаттыктын» азери кызматы президенттин басма сөз кызматына шилтеме кылып билдирди.
Ильхам Алиев жубайынын биринчи вице-президент кызматына дайындалышын Алиеванын кесипкөй, тажрыйбалуу, гумандуу жана принципиалдуу адам экендиги менен түшүндүрдү.
“Мехрибан Алиева узак жылдардан бери коомдук-саясий, маданий жана эл аралык ишмердүүлүктө маанилүү ролду ойноп келатат. Ал ар тараптуу жана ийгиликтүү иш жүргүзүп келет. Мына ушул факторлордон улам мен аны Азербайжандын биринчи вице-президенттигине дайындоону чечтим”, – деди президент Коопсуздук кеңешинин жыйынында жубайын биринчи вице-президент катары тааныштырып жатып.
Эки вице-президенттик кызматтын негизделишине былтыркы жылдын сентябрь айында Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча өткөн референдум жол ачкан.
Ал өзгөртүүлөргө ылайык, вице-президенттерди өлкө башчысы дайындайт. Эгер президент оорудан же кандайдыр бир башка себептерден улам өз ыйгарым укуктарын аткара албай калса, президенттин милдетин аткаруу мурдагыдай премьер-министрге эмес, вице-президентке өтөт. Андан сырткары референдум менен президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү беш жылдан жети жылга чейин узартылган.
54 жаштагы өлкөнүн учурдагы башчысы Ильхам Алиев президенттик кызматты 2003-жылдан бери аркалап келет. Анын азыркы президенттик мөөнөтү 2018-жылы аяктайт.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ