Menu

Рыспай Абдыкадыровдун аккордеону

Бөлүшүү:

Рыспай атындагы сыйлыктын ээси, аккордеон боюнча мээси аябай жакшы иштеген Эсенаалы Кенжебаев аттуу таланттуу жигит Ысык-Атада төрөлүп, азыр Токмокто жашайт. Бир кездери Рыспайдын керемет обондоруна арбалып, атайы ат арытып түштүккө барып, залкар обончуну бир жыл бою ээрчип жүргөн. Устатынан белекке алган “Велтмейстер” аккордеонун кастарлап кармап, үйүндө сактап жүрөт. Улуу обончунун бул аккордеонун ырым катары сатып алгысы келген, 120 000 сом сунуш кылгандарга да ынаган эмес.

“Ири акчага алданбаганыма азыр сүйүнөм,- дейт Эсенаалы биз менен болгон баарлашуусунда. -Керек болсо, эми ушул аккордеонду миллион сомго да сатпайм. Бир жолу Оштон келген Сюита (Рыспайдын кенже кызы) “атамдын аккордеонун бир көрүп кетейинчи” деп атайы Токмокко барыптыр. Эгер акчага азгырылып кеткенимде, Сюитанын алдында бетимди кызартып туруп калмак экем” – дейт ал.

Булак: “Майданkg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 + = 82

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: