Menu

Астана кыргыз дипломатына нааразылык нотасын тапшырды

Бөлүшүү:

Казакстандын тышкы иштер министринин орун басары Галымжан Койшыбаев Кыргызстандын убактылуу дипломатиялык өкүлү Кайнарбек Токтомушевге дипломатиялык нааразылык нотасын тапшырды. Анда казак ТИМи Алмазбек Атамбаевдин Ewronews каналында сүйлөгөн сөзү менен макул эместиги жазылган.

Нааразылык нотада буга чейинки сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө расмий Бишкек «блокада жана адамдардын өлүмү» маселесин таптакыр көтөрбөгөнү жазылган.

Буга чейин кыргыз бийлиги 2010-жылдагы окуяларга байланыштуу жаралган кризистик абалды жөнгө салууда Казакстандын ролун бир канча жолу белгилеген.

21-февралда өлкөнүн тышкы иштер министринин биринчи орун басары Динара Кемелова Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Айымдос Бозжигитовду кабыл алып, Атамбаевдин Европадагы сөздөрү боюнча түшүндүрмө берген. ТИМдин маалыматына караганда, Кемелова анда 2010-жылы Казакстан чек араны жапкан учурда жарандар кыйынчылыкка тушукканын, айласыздан Чу каналын кечип өтүүгө аракет кылган кишилердин колундагы ымыркайы каза болгонун билдирген. Кыргызстандын жарандары баланы Казакстанга дарыгерге көрсөтүү үчүн алып баратканын, бирок чек ара жабык экенине байланыштуу суу кечип өтүүгө аргасыз болушканын белгиледи.

Президент Алмазбек Атамбаев «Евроньюска» берген маегинде өлкө ЕАЭБге блокада коркунучу тооруп турган маалда киргенин айткан. “2010-жылы Казакстан бир жарым ай бизге блокада кылганда адам курмандыктары да болгон. Блокада абдан жаман нерсе. Эгер бизге альтернативалар сунушталбаса, биз кайсы жакка кошулубуз керек? Ооганстангабы? Биз Евробиримдикке бүгүн эле кошулууга даярбыз. Мен муну да сунуштагам. Бирок алар биздин чектеш чек арабыз жок деп ачык айтышты”,- деген президент.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: