Menu

Тажикстандын «Сомон Эйр» компаниясы өзбек өнөктөштөрүнөн кечирим сурады

Бөлүшүү:

20-февралда Дүйшөнбү-Ташкент ырааттуу каттамдын ишке ашпай калгандыгына байланыштуу «Сомон Эйр» авиакомпаниясынын коммерциялык директору менен башка жооптуу кызматкерлери жумуштан алынды. Ошондой эле тажик компаниясы жүргүнчүлөрдөн жана Өзбекстандагы өнөктөштөрүнөн кечирим сураган билдирүү таркатты

Дүйшөмбүдө «Сомон Эйр» тажик авиакомпаниясы Дүйшөмбү-Ташкент багыты боюнча 20-февралга белгиленген алгачкы каттам өзбек тараптын күнөөсү менен ишке ашпай калганын билдирген. Тажикстан борборунан Ташкентке 26 жүргүнчү учуп бармак.

Күн мурун Дүйшөмбү-Ташкент аба каттамы үзгүлтүккө учураганына байланыштуу Тажикстандын “Сомон эйр” компаниясынын коммерциялык директору Алишер Рустамов кызматынан бошотулган.

“Сомон эйрдин” 21-февралдагы маалымдоосуна караганда, Рустамов жана анын кызматкерлери Ташкент аба майданын тийиштүү документтер менен камсыздаган эмес. 1992-жылдан бери токтоп турган Дүйшөмбү-Ташкент аба каттамы боюнча биринчи учак 20-февралда учушу керек эле. Бирок ал акыркы сааттарда токтотулган. “Сомон эйрдин” маалыматы боюнча, каттам жакынкы аралыкта калыбына келтирилет.

Эки өлкө ортосундагы аба каттам 1992-жылы Тажикстанда жарандык согуш башталганда токтотулган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 89 = 99

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: