Menu

Садыр Жапаров кадрларды дайындоодо каталарын мойнуна алды

Бөлүшүү:

Премьер-министр Садыр Жапаров кадрларды дайындоодо каталарын мойнуна алды. Бул тууралуу ал бүгүн, 29-октябрда өкмөттүн жыйынында билдирди.

Ал кызматка дайындалганда жаштыгына жана ар кандай саясий күчтөрдүн сунуштарына таянганын билдирди.

“Дайындоодо биз жаштарды тартып, саясий партиялардын пикирин эске алганга аракет кылдык. Катачылыктар болду. Бирок реформадан кийин бардыгы тазаланат. Биз сынактын негизинде гана жумушка ала баштайбыз”, – деп убада берди Садыр Жапаров.

Белгилей кетсек, буга чейин Садыр Жапаров тааныштарын  жана туугандарын жумушка албайм деп убада берген. УКМКнын төрагалыгына ал өзүнүн досу Камчыбек Ташиевди дайындаган. Финполго “Чоң Казат” партиясынын 5-6-октябрдагы митингин уюштуруучулардын – Сыймык Жапыкеев жетекчи болуп барды. Дагы бир жакын санаалашы Курманкул Зулушев Башкы прокурор болду. Ал эми президенттик аппараттын биринчи орун басары Медербек Сатыев. Зулушев менен Сатыев буга чейин Садыр Жапаровду актаган соттор болгон.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 80 − = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: