Menu

Депутат Кожобек Рыспаев: “Мамэкотехинспекциясынын кызматкерлери пара  менен кармалды, силер билбей калдыңарбы?”

Бөлүшүү:

24-декабрында ЖКнын комитетинде экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча угуу болуп, депутат Кожобек Рыспаев: “Мурдуңардын учунан аппаратыңардын бөлүм башчысын УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматкерлери пара менен кармады. Бул жөнүндө чогуу олтуруп сүйлөшкөнбүз. Бүгүн силердин олтурууга кандай моралдык укуңар бар? Бир бөлүмдү бүтүндөй УКМК камап олтурат. Же мен калп айтып жатамбы?” – деп нааразы болду.

Аталган органдын кызматкерлери “туура айтасыз” дешти.

“Аппаратта жаныңарда олтуруп алып, билгенин кылышыптыр. Ушуну билген жоксуңарбы?” – деп депутат ачууланды.

“Силердин моралдык жагыңарды караш керек экен. Бул аймак аралык башкарма болсо унчукпайт элем, Жолдош мырза олтурат деп коймокмун. А аппаратыңар болгон ишти кармап жатат. Уят эле. Бир ооз сөз айтышыңыз керек эле да. Бул кызматка олтурганга акыңыз жок. Силердин бөлүм коррупцияга чулганып калып, көп маселе жаралып жатат”, – деп дагы бир жолу депутат ачууланып алды.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 10 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: