Menu

Кыргызстан жана Европа биримдиги ортосундагы тереңделген өнөктөштүк жана кызматташтык процесси талкууланды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков  21-февралда, Россия, Борбор Азиядагы Чыгыш өнөктөштүк жана ЖККУ боюнча Европа кызматынын Европа жана Борбор Азия боюнча башкаруучу директорунун орун басары  Люк Девин менен жолукту. Бул туралуу КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү маалымдады.

Жолугушууда Кыргызстан жана Европа биримдиги ортосундагы тереңделген өнөктөштүк жана кызматташтык процесси жаңы келишим долбоорун даярдоо жөнүндө маселе талкууланды.

Вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргызстан менен ЕК ортосундагы диалог туруктуу уланып келе жатат. Мындан ары эки тараптуу кызматташуу тереңделген өнөктөштүк багытындагы жаңы макулдашуулар боюнча долбоор ишке ашкандан кийин, динамикалуу өнүгүп, оңдуу чечимдерди кабыл алынарына ишеним артат.

Ошондой эле ал, 2016-жылдын ноябрь айында ЕК атайын өкүлдөрү менен болгон жолугушууда Кыргызстан менен ЕК ортосунда экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү боюнча актуалдуу темалар талкууланганын эске салды.

Жеңиш Разаков Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ЕК менен кызматташууга өзгөчө маани берерин жана мындан аркы конструктивдүү кызматташууга даяр экенин баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 63 = 68

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: