Menu

Ажы ажо болсо…

Бөлүшүү:

Күзүндө болжол мелен 19-ноябрда президенттик шайлоо өтө турган болду. Бул дата белгилүү болгонго чейин эле Темир Сариев, Бакыт Төрөбаев, Өмүрбек Бабанов жарышка кошула турганын билдиришти. Кошула тургандар али толтура. 25 жылдан бери Акаевдердин чачпагын көтөрүп, Бакиевдердин папкесин даярдап, Атамбаевдин ашына туз салып жүрүп “элитабыз” деген деңгээлге жеттик деп дердейип жүргөндөрдөн дагы он чактысы “мен президент болгонго даярмын” деп шымаланып чыгаарына ишене бергиле.

Бирок жаңы президент ошол 25 жылдан бери саясаттын кичи жана чоң бөлмөлөрүндө кирип- чыгып жүргөндөрдүн бирөөсү болсо, Кыргызстан батып бараткан саздан суурулуп чыгып кетеринен үмүт үзө берсек болот. Анткени кыргызда кызмат талашуу, байлык топтоо, тааныш-билиштерди, партиялаштарды майлуу-сүттүү кызматтарга отургузуу кайра эле уланат. Ошондуктан жаңы прези­дент кылып саясаттан алыс ажылардын бирин, Чубак ажыбы, же Абдышүкүр ажыныбы шайлап алсак куп жарашчудай. Кыргыздар эки революция жасап, эки президентти кууп чыгып, дүйнөгө бир дүңк эттик эле. Эми болсо көчөлөрдө эмес, жан дүйнөбүздө ар кимибиз революция жасап, дүйнөгө бир дүңк этели. Ажыны шайлагандан Кыргызстан исламчыл болуп кетет деп коркпой эле коёлу. Анткени ажыдан жеңилип калган саясатчылар 6 жыл бою чычаласа да ажыны Конституцияны бузууга жол бербейт. Ажылар анча эле оппозицины же Кудайды тааныбай баратса, Орозо же Курман айтта намазга келген кылкылдаган кыргыздар бир-эки эле саатта Ак үй-Көк үйүңдү кыйсыпыр кылып, молдонун селдесин өрттөп жиберер.

Бирок президенттикке ажылардын бирин ынандырып-ишендирип сүрөп чыгаар чыгаан саясатчы саяпкерлери болоор бекен, кеп ошондо. Саясатчылардын убадаларынан тажап бүткөн эл ажыларга артыкчылык берер беле? Бул эми айтылбай турган сөз эле, бирок жума намаздан кийин айты­лып кетти өзү эле.

Булак: “Ачык саясат”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 33 = 35

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: