Menu

Турсунбек Акун ариясын баштады

Бөлүшүү:

«Күйөсүң да, күлөсүң» дегендей бир киши бар. Өтө кызык киши. Саясий аренадан өңү өчө баштаганда улам бир боёк сүртүнүп чыга келет. Же ал «боёгу» чындыкка коошпой, кайра эле өзүнө урулган муш болуп, айласы алты кетет. Каарманыбыз – айтылуу Турсунбек Акун. 15 жылдан ашуун Турсунбай Бкир уулу менен «абысын» болуп аброй таппаган соң ар кайсы жакка баш мала баштаган. Жөн жүрбөгөн кишини ким эле жактырсын. Акыры ушу тапта кызылдай бош, кылаарга иши жок каңгырап жүрү. Бирок кудай тилди берип койгон экен, саймедирейт, чиркиндики. Маселен, Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетиши туурасында «чай муздаган соң» ар кайсынын башын айтып кирди. Анын айтканына келсек, жомок да. Туке эле болсо ар кимдин тилине кирип, «Батукаев жакында өлөт экен» деп айта бергидей акылдан адашканбы? Эгер маани бере турган болсок, ошол сөздү айтып чыккан кезде Акун көчөдөгү бирөө эмес, бакыйган акыйкатчы эмес беле. Атургай Жогорку Кеңештин атайын комиссиясы ишти иликтеп чыгып, Акунду кызматтан четтеткенде иш бөлмөсүнө ачкачылык жасап жатып алып концерт койбоду беле. Кылгылыкты кылып коюп, кайра кызмат үчүн кыяматка да даяр адамдын образын жаратып. Аныгында акыйкатчы деген ишти анализдеп, анан кеп айтыш керек да. Ким бирөөнүн айтканы боюнча эле дөөрүй бере тургандай ал акыл-эстен ажыраган маңкурт эмес да. Ал эми актануусуна келе турган болсок, эмнеге ушул сөзүн өз учурунда айткан эмес. Балким чындыкты жана маалыматты жашыргандыгы үчүн укуктук баа берилиш керектир?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 20 − = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: