—Өмүрбек Чиркешович, президент Алмазбек Атамбаев Европага болгон сапарында «Евроньюс» телеканалына берген маеги эл аралык резонанс жаратты. Өзгөчө Казак бийлигинин дарегине «Кыргызстандын башына оор күн түшүп турган 2010-жылдары казактар бизди 1,5 ай экономикалык блокадага алып, анын кесепетинен адамдар өлгөн» деген билдирүүсү эл аралык жаңжалга чейин жетип, казак ТИМи Кыргызстандан түшүндүрмө берүүсүн талап кылды. 2010-жылы сиз да Убактылуу өкмөттүн мүчөсү элеңиз, чын эле ошондой болду беле? Атамбаев аны кандай максатта 7 жылдан кийин айтып жатат?
—Адамдар сыяктуу эле мамлекеттердин ортосунда да мамилелеринде өйдө-ылдыйлар болот. Бирок, бирге жашоонун эрежелери бар. Мамлекет арасында муну дипломатия деп коёт. Эгер чындыкты, болгон нерсени кандай кабыл алганыңды «тарс» этип айта берсең бөтөндөр эле эмес, аялың, балдарың менен да жүз карашпай каласың. Ошон үчүн адамдарда негизги нерсени майда нерседен бөлө билүү, чоң, улуу нерсе үчүн майда-барат нерселерге көңүл бурбай, бирок аны эске алып коюу сыяктуу маданият миңдеген жылдардан бери калыптанган. Кыргызстанда эки жолу революция болду. Эки жолу тең баардык коңшулар, дүйнөлүк коомчулук, ошонун ичинен Казакстан бизге өзгөчө жан тартуу менен мамиле кылып, колдон келген жардамын аяган эмес. 2010-жылкы окуялар убагында да Казакстан президенти Назарбаев жеке өзү көңүл буруп, кабар алып, «туугандарга эмне жардам керек?» деп турган.
Мен жогоруда айткандай, эгер мамлекет башчылардын ортосунда жеке пикир келишпестик болсо, ал элге залакасын тийгизбеши керек. Эгер мамлекет башчыларынын, мамлекетгердин ортосунда кандайдыр бир пикир келишпестактер болсо, ал эске алынып, андан жыйынтык чыгарып, экинчи аны кайталабаганга аракет кылуу зарыл. Эгер андай болбосо, Японияга эки атом бомбасын таштаган Америка экөө бүгүн дос болбойт эле го. Эгер андай болбосо, тынымсыз согушуп келген Франция менен Германия бүгүн Евробиримдиктин негизи болуп, чогуу жашабайт эле го. «Агайынды жаман деп, тууганды кайдан табасыц» дейт. Эгер чын эле Казакстан менен Кыргызстандын ортосунда жагымсыз учурлар болсо, аны туугандарча сүйлөшүп, экинчи андай кырдаал кайталанбагыдай чечип алуу шарт.
Эми ошол окуялардан бери 7 жыл өткөндөн кийин Атамбаев Европага барып, «биз Евразиялык экономикалык биримдикке кирбейт элек, Казакстан бизди экономикалык блокадага алып, шорубузду катырмак, ошон үчүн аргасыздан кирдик, Евробиримдикке кирели деп сурандым эле, бирок силер кабыл алган жоксуңар» деп ЕАЭБге тең укукта киргенибизди жокко чыгарьш, аргасыздан, басым менен киргенибиздей айтты. Экинчиси, «2010-жылкы өлкөдөгү кыйын мезгилде Казакстан атайын экономикалык блокада жасап, ал Кыргызстанда адамдардын өлүмүнө себеп болду» деди. Үчүнчүсү, «түштүктөгү улут аралык кагылышуунун тутанышына кээ бир өлкөлөрдүн атайын кызматтары күнөөлүү, ошолор уюштурган» деп айтты. Мен дагы айтам, Европа үчүн казак менен кыргыз бир. Европага арызданып, казак-кыргыз ортосундагы мамиле чечилбейт. Мына эми Атамбаев ушул биддирүүсүнөн кийин Казакстан менен дагы бир жыл мамилени оңдой албайт. Кээ бирлер «Атамбаев азамат, чындыкты тайманбай айтты» деп мактап жатышат. Айтыла турган сөз болот, ошол эле учурда айтылбай турган чындык болот. Айырмалабай айта бергенди «акылы жок» дейт. Мен азыр парламенттеги 119 депутат тууралуу болгон чындыкты айтсам, эртең алардын бири менен да учураша албай калам. Мамлекеттерде да ошондой, эгер мамлекеттер ортосундагы чындык айтылса, алардын ортосунда согуш чыгышы ыктымал. Чындык эч качан элдердин ортосундагы мамилелерге зыяны тийбегендей болуусу кажет.
Ал эми чек ара режиминдеги катаалдыктар коопсуздук маселесинен келип чыгышы мүмкүн. Мен ошентип эсептейм. Эми аны ар ким ар кандай кабыл алат. Атамбаев аны Назарбаевдин жеке ага карата жасаган карасанатайлыгы катары кабыл алып, ошол ызасын бүгүнкү күнгө чейин унутпай, Европага чейин барып жар салып келди. Мен муну кечиримсиз ката катары эсептейм.
—Алмазбек Атамбаев Европада Назарбаевге гана эмес, кыргызстандыктарга да салам-дубай жолдободубу…
—Туура, Атамбаев Европада «мураскериңиз барбы?» деген суроого жооп берип жатып, «мендей принципиалдуу жана күчтүү президент келбейт го…» деп өзүн мактагысы келди. А чынында ал президент катары өз элин кемсинтти. Уучу куру эл болбойт, Манас өлгөндөн кийин деле кыргыз эли жашап келе жатат. Атасы көчөгө чыгып, «мен өлсөм, балдарым эптеп жашап кете албайт го…» деп балдарынын алсыздыгын, мажирөөлүгүн жарыялагандай эле болду. Бул айтканы менен Атамбаев өзүн мактайм деп, кыргыз элин паска чапты.
Ошентип, Атамбаев Назарбаевге эле эмес, «Ата Мекен» партиясынын лидерлерине жана башка оппоненттерине болгон ызасын Европага барып айтып, жеңилдеп алды. Бир сөзүндө «мени көралбагандарды күзгө чейин тыптыйпыл кылып жоготом» деп айтты. Ошол тушта «Ата Мекен» партиясынын лидерлеринин бири Алмамбет Шыкмаматовго кылмыш иши козголду. Көралбагандар эл душманы, алар жоготулушу керек деген түшүнүктөр европалыктардын маданиятына сыйбайт, алар аны түшүнбөйт. Алар оппоненттерин төргө өткөрүп, сыйлайт. Кыскасы, Атамбаев тоталитардык диктатор, орто кылымдагы падыша катары өзүн көргөзүп келди.
—Атамбаев сиздерге эмне үчүн мынчалык ыза болушу мүмкүн?
—Атамбаевдин «кыргыздын Ататүркү болсом» деген кыялы бар. Ататүрк болуу үчүн мамлекеттин жашап жаткан негизги эрежелерин көп жылга аныкташы керек. Андай эрежелердин эң ириси – Конституция. Апрель айында Атамбаев “Текебаевдин Конституциясы туура эмес, мен жаңы концепция сунуш кылам” деп жаңысын киргизди. Анын маңызында «Текебаевдин Конституциясында адам укугуна көп маани берилип калыптыр, мен түзгөн Конституцияда мамлекет, улуттук баалуулуктар, дөөлөттөр жогору туруп, аларды камсыз кылыш үчүн адам укугу чектелет» деген философия камтылган. Бул кадимки эле тоталитаризмдин философиясы. Муну кыргыз коомчулугу эле эмес, эл аралык коомчулук, ошонун ичинен бизге эң жакын союздаш болгон Россиянин саясатчылары да сындап чыгышты. Башка өлкөлөрдүн, мисалы, Ирандын, Түндүк Кореянын, Өзбекстандын, Кытайдын, Казакстандын, Россиянын ж.б. Конституцияларында деле «мамлекет адам үчүн, адамдын жакшы жашоо укугун камсыз кылат» деп жазылып турат. Атамбаев, тескерисинче, «адам мамлекет үчүн» деген идеологияны түздү. «Адам мамлекет үчүн» деген сөз, «чиновниктин кулу болот» деген мааниден алыс кетпейт. Атамбаев мына ушундай идеологияны киргизди. Бирок, анысы катуу каршылыктардан улам суу кечкен жок. Атамбаев сынды, ал идеясынан баш тартты. Ошондо «Ата Мекенге» кек сактап калды. Утулганына чыдабай, намыстанды. Анан эптеп, ар жеринен өзгөртүүлөрдү киргизип, күч-зордук менен референдумду өткөрдү. Референдум жарыяланганда ал «ким менин референдум өткөрүү идеяма каршы чыкса, ал эл душманы, бузуку, сасык саясатчы, чыккынчы» деп ачыктан-ачык жар салды.
Атамбаев тарыхта өзүнүн ордун өзгөчө белгилеш үчүн 2010-жылдагы тарыхты кайра жазганга аракет кылды. Ал үчүн Роза Исаковнанын тарыхый эмгегин, ал аткарган миссияны жокко чыгарып, Убактылуу өкмөткө акаарат келтирди. «Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн кылмыш кылгандарынын бетин ачам» деп борбордук аянтта «балп» эттирди. Бирок, УӨнүн (Иса Өмүркуловдон башкасы) баардык мүчөлөрү биригип, Атамбаевдин аракетине баа берип, анын 2010-жылдагы революциялык идеялардан кайткандыгын, бийлик балансын бузуп, өзүнүн жеке бийлигин орнотууга аракет кылып жаткандыгын ашкере кылды. Бул нерсе экинчи жолу анын намысына тийди. Ал гана турсун, аны тарых алдында, эл алдында дагы бир жолу сындырды.
31-январда «мародерлорду табам» деди. Эки жума узабай, «Ата Мекен» партиясы Атамбаевдин Максим Бакиевдин Кой-Таштагы 2,7 гектар жерине миллиондогон долларга хан сарай салып жатканын далилдер менен көрсөтүп, элге жарыялады. Атамбаев «УӨнүн мүчөлөрү кедей эле, 2010-жылдан кийин байыды, мен алардын байлыгынын булагын таап көргөзөм» деди эле, «Ата Мекен» партиясы Атамбаев өзү мактангандай бай эмес экендигин, 90-жылдары сатып алган завод-фабрикаларынын баарын бөлүп-жарып сатып, 2007-жылдан бери бизнессиз, куру жалак калгандыгын, үй кожойкеси болуп отуруп, эч кандай киреше таппаган аялы Раиса Атамбаеванын 2011-жылы банктык эсебине миллиондогон акчалар түшкөндүгүн далилдеп берди. Максим Бакиевдин бизнестерин, мүлктөрүн (банктарын, заводдорун, жерлерин, пансионаттарын ж.б. объектилерин) Атамбаевдин жан-жөкөрлөрү иштетип жаткандыгын же өздөрүнө каттатып алгандыгын далилдедик. Атамбаевдин Акаев, Бакиевдерден кийин тарыхта абийири менен президент болуп калуу кыялы бар эле. «Ата Мекен» партиясы ошол кыялынын ташын талкан кылды. Ошол ызасына чыдабай, «күзгө чейин жоготом» деп, Европадан салам-дубай жолдоп отурган кербези.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ