Menu

Кыргызстанды эми КСДП+“Кыргызстан”+“РАЖ” бөлүп алып, башкарабы?

Бөлүшүү:

– Жаңы коалиция кайсыл партиялардан куралышы мүмкүн?

Эмилбек Момунов, журналист:

“Президенттик шайлоого даярдык”

– Коалиция КСДП, “Кыргызстан” жана “Республика – Ата-Журт” партияларынын парламенттеги фракцияларынан курала тургандыгы белгилүү болуп калды. Себеби коалицияда буга чейин болуп келген “Ата-Мекен” фракциясы, анын лидери Ө.Текебаев бийликке, президент А.Атамбаевдин жеке өзүнө оппозиция болуп, көптөгөн сындарды айткан соң, мындан ары алардын бийликтин коалициясында чогуу болушу мүмкүн эмес эле. Эми “Ата-Мекен”, “Бир бол” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракциялары оппозиция болору белгилүү болуп калды. Анткени мындай саясый окуялар келерки жылы болуучу президенттик шайлоого даярдык катары да болууда.

Гулниза Бейшенбаева, экс-депутат:

“Ата Мекенди” сүрүп чыгарышты…”

– Акыркы кырдаалдар коалиция КСДП, “Республика – Ата Журт” жана “Кыргызстан” партиясынын ортосунда түзүлөөрү  анык болуп калды. Ошондой максаттары болгон үчүн КСДП бийликтин партиясы экенине карабай коалициядан чыгып, “Ата Мекенди” сүрүп чыгарды.

Аликбек Жекшенкулов, экс-министр:

“КСДПнын коалициядан чыкканына таң калбашыбыз керек”

– Парламентте алты партиянын үчөөсү коалицияга кирип, “Ата Мекен”, “Бир бол”, “Өнүгүү” опозицицияда калышы мүмкүн. Бирок, биз КСДП коалициядан чыкканына таң калбашыбыз керек, бул саясий тактикалык кадам деп айтсак жаңылбайбыз Дегеле коалицияга кирген кайсы партия болбосун коалиция келишимин карабай эле андан чыгып кеткенге мүмкүнчүлүгү  бар болчу КСДП менен “Ата-Мекендин” тиреши элибизге белгилүү болгон үчүн ушул окуя орун алды. Муну эки партиянын ортосундагы ачык саясый ажырашуу деп бааласак болот!

Ырысбек Өмурзаков, журналист:

“Ө.Текебаевди оппозициянын лидери кылганы жатышат”

– Менин оюмча, башкы максат – “Ата-Мекенди” оппозицияга чыгарып, Өмүрбек Текебаевди бириккен оппозициялык күчтөрүнө лидер кылуу… Ошону менен, оппозицияны да, пропозицияны да толугу менен көзөмөлдөөнү бийлик максат кылууда. Бири сотко тартылса, экинчисин жоопко тартат. Ошон үчүн, буларга баш оорунун кереги жок. Кеп “ким коалицияга келет?”- деген суроодо эмес, “Текебаевди оппозициянын лидери катары эл колдойбу?” деген суроого жооп издөө. Коалиция жөнүндө кеп кылсак, ага КСДП, “Кыргызстан”, “Республика – Ата-Журт” кирсе, “Ата-Мекен” оппозицияга кетет, аны көзөмөлл кылууга “Өнүгүүнү” оппозицияга калтырат. Анткени Бакыт Төрөбаев  атасынын былыктарына байлануу. Кокус бийликтин ыгына көнбөсө, аны атасынын былыктарын чубап, баарынан  айрылат.

Жолдошбек Токоев, журналист:

Өкмөттүн курамы анча өзгөрбөйт”

– Жаңы коалицияны сөзсүз СДПК, “Республика – Ата-Журт”, “Өнүгүү- Прогресс” түзөт. Ал эми “Бир бол” фракциясын “ата-мекенчилер” кандай болсо да коалицияга кирбөөгө чакырат. “Бир бол” коалицияга киреби же “ата-мекенчилердин” сөзүн угабы, бул мен үчүн күңүртүрөөк. Бирок, Өкмөттүн курамы анча өзгөрбөйт. Ал эми “ата-мекенчилердин” ар жердеги кадрлары папкеден ажырайт. Эгер Өкмөттөгү папкени сактагылары келсе “Бир бол” фракциясы да коалицияга кирет. Алардын папкеде кызыкчылыктары бар да.

Асылкан кызы Перизат

Булак: “Майдан.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 78 − 72 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: