Menu

Кыргыз авиациялык институтунун Уставы бекитилди

Бөлүшүү:

«И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту» жогорку авиациялык окуу жайынын Уставы бекитилди.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтомуна Премьер-министри Сапар Исаков кол койду.

Аталган чечим Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 25-августундагы №1836-VI токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жаңы доорго – кырк кадам” программасын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 6-декабрындагы №788 «И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту» жогорку авиациялык окуу жайын түзүү жөнүндө» токтомун ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

«И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту» жогорку авиациялык окуу жайы «И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык колледжи» мамлекеттик билим берүү мекемесинин укук улантуучусу болуп саналат.

«И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту» жогорку авиациялык окуу жайынын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтү саналат.

Институттун ишмердүүлүгүндөгү негизги басым бардык менчиктеги атамекендик авиаишканалардын билдирмеси боюнча жарандык авиация жаатындагы орто кесиптик жана жогорку билим берүү программасы боюнча адистерди, ал эми келечекте жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн авиаишканалары үчүн да адистерди даярдоого жасалмакчы.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: