Menu

КР Жогорку Кеңешинин депутаттарына шашылыш Кайрылуу

Бөлүшүү:

Оппозициялык “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин, анын тарапташтарынын жана журналисттердин камакка алынышы боюнча токтоосуз түрдө парламенттин шашылыш отурумун өткөрүүгө чакырабыз.
Түшүндүрмө алуу максатында башкы прокурор Индира Жолдубаеваны, улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Абдиль Сегизбаевди, Ички иштер министри Улан Исраиловду Жогорку Кеңешке чакырууну талап кылабыз.
Бийликтин мыйзам чыгаруу бутагынын өкүлү болгон эл депутатын такталбаган арыздын негизинде кармоого жол берилбеши керек. Биз муну бийликтин оппоненттерине каршы учурдагы жүргүзүлүп жаткан репрессияларынын коркутуп-үркүтүү максатында жасалган кезектеги маскара кадамы деп эсептейбиз.
Мурунку бийликтин дал ушундай жоопкерчиликсиз кадамдары 2010-ж. 7-апрелиндеги окуяларга алып келгенин эске салабыз.
Өлкөдөгү туруксуздукка жол бербөө максатында, Өмүрбек Текебаевдин жана бардык кармалгандардын токтоосуз бошотулушуна жетишүүсүн Жогорку Кеңештен талап кылабыз.
Рита Карасартова
Динара Ошурахунова
Бурул Макенбаева
Гульнара Джурабаева
Камила Шаршекеева
Искен Афиджанов
Арман Кыйгырова
Улан Джумаков
Канат Табалдиев
Тимур Саралаев
Мукаш Байгелдиев

Кол топтоо улантылат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: