Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин Өкмөт башчылары 2017-жылдын 7-мартында Бишкек шаарында Евразия экономикалык биримдигиндеги Кыргыз Республикасынын төрагалыгынын алкагында Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Иш чарага Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасы Дмитрий Медведев, Казакстан Республикасынын Премьер-министри Бакытжан Сагинтаев, Беларусь Республикасынын Премьер-министри Андрей Кобяков жана Армения Республикасынын Премьер- министри Карен Карепетян катышат.
Жыйында интеграциялык биримдиктин алкагында кызматташууга багытталган маанилүү маселелер талкууланат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ