30-сентябрда Тажикстандын Улуттук банкы 1000 рублди 131,1 сомониге баалады. Бул бир жума мурдагыга караганда 7-8 сомониге төмөн. Банктар 1000 рублди 129-131 сомониге алмаштырышууда.
Бул арада тажикстандыктар пандемия маалында Орусияда иштеген жакындарынан акча которуу азайганын да бышыкташууда.
Душанбе шаарынын жашоочусу Шахло Азизова Орусиядан жөнөтүлгөн 9 миң рубль 70 сомониге “арзандап” кеткенин айтты.
“Азыр азык-түлүктүн баасы кымбаттады. Орусиядан да аз акча жөнөтө башташты. Анын үстүнө рублдин курсу түшүп кетти”, – деди ал.
Тажикстандын Улуттук банкы Орусияда рублдин курсу АКШ долларына карата төмөндөп кеткенин, буга байланыштуу Орусиянын улуттук валютасы Тажикстанда да арзандаганын билдирди.
Былтыр эмгек мигранттары Орусиядан Тажикстанга 2,7 млрд доллар которушкан.
Быйылкы жылдын биринчи чейрегинде акча которуу 359 млн долларды түзүп, бул өткөн жылдын ушул маалына караганда 103 млн долларга аз болду.
2014-жылы орус рубли кескин арзандап кеткенден кийин Тажикстанда банктар кризиске учураган. “Тажпромбанк” менен “Фононбанк” банкрот болуп, “Агроинвестбанк” менен “Точиксодиротбанк” азыркыга чейин каатчылыктан чыга элек.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ