Menu

Алтынбек Сулайманов: “Шайлоо босогосун 5%га төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору комитеттен колдоо таппайт”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 19-майда ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери боюнча комитетинин жыйында шайлоо босогосун 5%га төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору каралып жатат.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Алтынбек Сулайманов аталган мыйзам долбоору колдоо таппай турганын билдирди.

“9% босогону 7%га же 5%га түшүрөлү деп, көптөн бери талаш болуп келе жатат. Бирок, ушул 9%дык чекти биз, VI-чакырылыштагы депутаттар кабыл алганбыз. Ошол менен эле келе жатканбыз. Азыр шайлоо босогосун 7% төмөндөтүү тууралуу мыйзам долбоору 1-окуудан өттү. 5% өтсө, андан дагы жакшы болот эле. Тилекке каршы, 7% төмөндөтүү мыйзам долбоору өтө тургандай болуп турат. Мен дагы ошол мыйзамдын авторумун. Шайлоо босогосун 5%га төмөндөтүү мыйзамы өтпөй турганын өзүңүз дагы жакшы билебиз. Жөн эле кыйналабыз. Менин оюмча, шайлоо босогосун 5%га төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоору комитеттен колдоо таппайт” – деди депутат мыйзамдын демилгечиси Исхак Масалиевге кайрылып.

“Айткан сөзүңүздө, ачуу болсо дагы, чындык бар. Аны түшүнүп жатам. Бирок, сиздин 4 кесиптешиңиз декабрь айынан бери сунуштаган мыйзам долбоору бүгүнкү күнгө чейин каралбагандан кийин, ушул төрт киши баш тартса, анда абройго чоң шек келет. Депутаттар жалпы жыйында чечим кабал алсын. Менин пикирим боюнча, 5% 100 миңден ашык добуш болот. Мен деле түшүнүп турам, президентибиз өзүнүн пикирин айткандан кийин, жалпы депутаттардын пикири дагы ошого окшоп кетип баратат” – деди Исхак Масалиев.

Булак: KyrgyzToday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: