Кечээ, 9-сентябрда Кыргызстандын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы бюллетендеги партиялардын катар номерлерин аныктоо үчүн чүчүкулак өткөрдү.
Анын натыйжасында саясий партиялардын катар номерлери аныкталды.
Саясий партиялардын бюллетендеги катар номерлери төмөндөгүдөй:
№1 “Биримдик”
№2 “Мекенчил”
№3 “Ыйман Нуру”
№4 “Мекеним Кыргызстан”
№5 “Реформа”
№6 “Ата Мекен”
№7 “Замандаш”
№8 “Бүтүн Кыргызстан”
№9 “Социал-демократтар”
№10 “Мекен Ынтымагы”
№11 “Афганистан согушунун ардагерлери”
№12 “Ордо”
№13 “Бир Бол”
№14 “Республика”
№15 “Кыргызстан”
№16 “Чоң казат”
№17 “Баарына каршы”.
Белгилей кетсек, 4-октябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт. БШК депутаттыкка талапкерлердин тизмесин бекитти. Парламенттик шайлоого 16 партия ат салышат. Ал эми 4-сентябрдан баштап үгүт иштери башталды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ