Menu

Райымбек Матраимов, Бажы кызматынын төрага орун басары: “Бажы төлөмдөрү үч эсеге көп түшкөнүн Президентибиз Европадан айтканы – биздин эмгегибиз!”

Бөлүшүү:

Баш сөз ордуна

Буга чейин бажы кызматынын төрага орун басары Райымбек Матраимов боюнча ар кандай имиш кептер коомчулукка тарап, айрымдардын таңдануусу да жаралганы эсибизде. “Тилде сөөк жок” демекчи, кандай гана ушактарды эптештире айта берсе болорун ушундан билдик. Бирок, биз көгөрүп отуруп, прессага көп чыга бербеген Райым мырзаны маекке тартууга көндүрүп, акыры анын ишмердиги боюнча кенен маалымат алдык. Аныгында, эл арасындагы ушактар суу кечпей калганы, каарманыбыз мамлекет үчүн ак дилинен эле иштеп атканы шардана болду. Негизи сөзгө сараң адамдар ишке келгенде иштерман болуп, өзүнө коюлган талаптардын майын чыгара турганы белгилүү. Көзүбүз жетти, Райымбек Матраимов мактанбастан, оор басырыктуу инсан катары карапайым калкка колунан келген кызматын аркалаган ак пейилдүү профессионал адис экен. Кыскасы, биздин ыңгайсыз суроолордун баарына жооп берди. Эл тараза болсун!

— Райым мырза, бажы кызматы казынага түшчү планды аткара албай калганы боюнча айыптоолор ЖМКларга чыгып келет. Маселен, 2016-жылы 32 миллиард сомдун айланасында каражат чогула турган болсо, иш жүзүндө 3 миллиард сомго жетпеген суммада аз топтолгону маалымдалууда. Дал ушундай көрсөткүчтөрдү кандайча чечмелейсиз?

— “2016-жылга карата Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө” КР мыйзамына ылайык, 2016-жылга карата бажы төлөмдөрүнүн түшүү божомолу 32,2 млрд. сом суммада бекитилген.

2015-жылы үчүнчү өлкөлөрдөн бажы төлөмдөрүнүн иш жүзүндө түшүүсү менен салыштырганда божомол 154,9%га өсүү темпи менен же 11,4 млрд. сомго көп бекитилген. Факт жүзүндө 2016-жылы бажы кызматы тарабынан 29,3 млрд. сом суммада бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү камсыз кылынган. Бекитилген божомол 91,2%га аткарылган же 2,8 млрд. сомго аз жыйналган.

Бекитилген божомол көрсөткүчтүн аткарылбай калышынын орчундуу себеби,  Евразия экономикалык биримдиктеги өлкөлөрдөн бажы алымы 2 млрд. 887 млн. сомго аз келип түшкөндүгүнөн болду же болбосо 13,1 млрд. сом гана түшүп, божомолдуу аткаруу 81,9%ды түздү. Бул көрсөткүч биздин пландын жалпы аткарылышына түздөн-түз таасирин тийгизди. Эгер кыргыз бажысы камсыз кыла турган бажы төлөмдөрү тууралуу айта турган болсок, 16,2 млрд. сом суммада түшүп, божомолдуу аткаруу 100,3%ды түзгөн же 46,3 млн. сомго көп жыйналган.

Ал эми 2016-жылдын көрсөткүчүн 2015-жылдын түшүүлөрү менен салыштырганда 8,6 млрд. сомго көп чогултулду же өсүү темпи 141%ды түздү.

Муну менен бирге:

– 2014-жылдын иш жүзүндөгү түшүүлөрү менен салыштырганда, бажы төлөмдөрү 6,3 млрд. сомго көп чогултулду же өсүү темпи 127%ды түздү;

– 2013-жыл менен салыштырганда 9,4 млрд. сомго көп же төлөмдөр дээрлик 1,5 эсеге өстү;

– 2012-жыл менен салыштырганда 12,4 млрд. сомго көп же өсүү темпи 173%ды түздү;

– 2011-жыл менен салыштырганда 15,6 млрд. сомго көп же төлөмдөр эки эсеге  көп жогорулады;

– 2010-жыл менен салыштырганда 20,7 млрд. сомго көп чогултулду же төлөмдөр 3,5 эсеге өстү.

Бажы төлөмдөрүнүн түшүүсүнүн жогорулашын бажылык башкаруу, бажы кызматы тарабынан туруктуу жана жогорку деңгээлде жүргүзүлүп жаткан иштерге байланыштырабыз. Өзүңүздөргө маалым болгондой, жакында президентибиз Алмазбек Атамбаев Европага болгон иш сапарында “Евроньюска” берген маегинде “мен президент болгон биринчи үч жылда эле коррупцияга каршы күрөшүүнүн натыйжасында бажы төлөмдөрү үч эсеге көп түштү” деп белгилеп кетпедиби.

Акыркы жылдары ЕАЭБ өлкөлөрүндө товарлардын импортунун көлөмүнүн төмөндөшүнүн байкалганы бүт коомчулукка маалым. Андыктан Евразия экономикалык комиссиясынын маалыматтары боюнча 2016-жылдын январь-ноябрь айларында, 2015-жылдын ошол эле мезгилине салыштырмалуу 3,2% же   6,0 млрд. долларга кыскарды. Мисалы, Белоруссияда 9%, Казакстанда 21%,    Россия Федерациясында 1%га төмөндөдү. Кыргызстанда гана товарлардын импортунун көлөмүнүн 12,7% өсүшү байкалган. 2016-жылга карата республиканын тышкы соода жүгүртүүсү 3,5 млрд. доллар же 2,1 млн. тонна көлөмүн түзгөн.

Товарлардын экспорту нарк жагынан алып караганда 1,1 млрд. долларды түзгөн, өсүү темпи 108%ды түзүп, салмак жагынан алсак 1 млн. тонна, өсүү темпи 117%. Товарлардын импорту нарк жагынан алып караганда 2,4 млрд. долларды түзүп, өсүү темпи 112,7% түзгөн, салмак жагынан алсак 1,1 млн. тонна, өсүү темпи 101,8%.

“Кыргыз Республикасынын 2017-жылга карата республикалык бюджети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык 2017-жылга карата бажы төлөмдөрүнүн түшүү божомолу 32,9 млрд. сом суммада бекитилген. 2016-жылдын фактысына карата өсүү темпи 112,3% же 3,2 млрд. сомго көп, алардын ичинен:

Бажы органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын бюджетине түз чогултулган бажы төлөмдөрү 15,8 млрд. сом, 2016-жылдын фактысына карата өсүү темпи 97,3% же 437,1 млн. сомго аз. ЕАЭБ өлкөлөрүнөн түшүүчү алым 17,1 млрд. сом, 2016-жылдын фактысына карата өсүү темпи 130,9% же 4,0 млрд. сомго көп.

Январь-февраль айларына божомол 2,4 млрд. сом суммага жеткирилген. Январь айында факт жүзүндө 1,7 млрд. сом суммада бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү камсыз кылынган же божомол 104%га аткарылган.

Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы консультативдик кеңештердин ошондой эле ар бир бажы органдарында түзүлгөн консультативдик кеңештердин  отурумдарында бажы кызматына түздөн-түз байланышкан маселелер боюнча бизнес-коомчулуктар менен системалуу жолугушуулар өткөрүлүп турат.

— Дагы бир жагдайды эске алсак, 2015-жылы Кытайдан Кыргызстанга экспорттолгон товар 4 миллиард 280 миллион доллардан ашканы, ошол эле маалда Кыргызстан Кытайдан 920 миллион долларга жакын товар импорттогонун билдириптир. Бул цифралар негиздүүбү? Эки өлкөнүн ортосундагы эсептелген жүктөрдүн айырмачылыгында чоң ажырым жаралууда. Сыры эмнеде?

— Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы импорттун салыштыруу сандык маалыматтарынын айырмасы жөнүндөгү  маселеге өзүнчө токтоло кетейин. Кытайда товарлардын экспорту биринчи  баруучу өлкө боюнча эсепке алынат, тагыраак айтканда, Кытайдын статистикасында Кыргызстан көрсөтүлгөнү менен товарлар биздин аймак аркылуу транзит менен башка өлкөлөргө кетет. Мындагы белгилей кетчү нерсе, Кытай Эл Республикасынан Кыргыз Республикасына импорттун көрсөткүчтөрү салмагы боюнча дал келет.

— Кытай тараптан Торугарт жана Эркечтам аркылуу Кыргызстанга жылына канча миңдей жүк ташуучу унаалар кирет? Ар бир жүк ташуучу унаада канча тонна товар болот да, алардан кандай негизде бажы төлөмдөрү чогулат? Коомчулукта ушул эки бекеттин ишмердигине ишенбөөчүлүктөр жаралып, “көмүскө бюджетке” миллиондор кетип атканы айтылууда. Ушул жагын элге түшүнүктүү кылып чечмелеп берсеңиз болобу?    

— 2016-жыл ичинде борбордук бажынын “Торугарт” өткөрмө пункту аркылуу  жалпы салмагы 295,8 мин тоннаны түзгөн, 15 231 жүк ташуучу авто унаалар таризделген. Бир автоунаадан товарлардын орточо салмагы ­19,4 тоннаны түзөт.

2016-жыл ичинде Ош бажынын “Эркештам” өткөрмө пункту боюнча жалпы салмагы 59,7 миң тоннаны түзгөн 2 925 жүк ташуучу автоунаалар таризделген. Бир автоунаадан товарлардын орточо салмагы 20,4 тоннаны түзөт. Анын орточо бажы төлөмдөрү таризделген товардын аталышынан көз каранды.

2016-жылы баардыгы болуп “Торугарт” жана “Эркештам” өткөрмө пунктары боюнча Кытай тараптан келген товарлардан 20 млрд. 187,7 млн. сом бажы төлөмдөрү түшкөн. 2015-жылга салыштырганда бажы төлөмдөрүнүн түшүүсү 65% пайызга же 8 млрд. сомго көбөйгөн.

— Өткөн жылы 25 бажычы Москвага барып, мейманкана кызматы үчүн 4 миллион сомго жакын каражат короткону, мындай көрүнүшкө УКМК кылмыш ишин козгогону, бирок, иш бат эле кыскарып кеткени эмнеден кабар берет?

— 2016-жылдын май айында эсептөө палатасынын инспектор-аудиттин жана Улуттук коопсуздук комитети тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, 2012-жылдын декабрь айынан 2015-жылдын декабрына чейинки мезгилде кызматкерлер тарабынан берилген “Космос” мейманканасында жашагандыгы үчүн баардык чектер жасалма экендиги аныкталган. Жашагандыгы үчүн төлөнгөн сумманын төлөмү бул чектер боюнча 3 908,7 миң сомду түзгөн.

2016-жылдын март айында Улуттук коопсуздук комитети МБКнын 25 кызматкерлерине карата кылмыш ишин козгогон. Териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча кызматкерлердин жашоосу үчүн иш сапардык төлөмдөрдүн суммасы жогоруда аталган өлчөмдө кызматкерлер тарабынан орду толук толтурулган.

Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын ЕАЭБке кирүүсү жана “Жол картасын” түзүү боюнча эки тараптуу сүйлөшүү иш-чараларынын башынан баштап активдүү катышуучу болуп эсептелинет. Сүйлөшүү процессине бажы кызматынын борбордук аппаратынын баардык маанилүү бөлүмдөрүнүн мыкты кызматкерлери тартылган.

Тажрыйба көрсөтүп тургандай, көп учурларда эле иш сапардагы чыгымдар кызматтык сапардан кайтып келгенден кийин жүргүзүлөт, андыктан кызматкер жашаган турак жайына (мейманканабы, жеке батирби), жеп-ичкен тамагына өз чөнтөгүнөн төлөөгө аргасыз болот. МБКнын кызматкерлери Москва шаарына барганда көбүнчө ижарага алынган батирлерде токтошот, батирлердин ээлери көрсөтүлгөн кызмат үчүн фискалдык чектерди жана коштомо кагаздарды бере алышкан эмес.

Кызматкерлер иш сапарындагы жашоосу үчүн отчёт берүү максатында чектерди  жана коштомо кагаздарды башка адамдардан сатып алышкан. Бул чектер Москва шаарындагы “Космос” мейманканасынан берилгендиктен, алар кийин жасалма болуп чыкты. Муну менен бирге Россия Федерациясына кызматкерлерди иш сапарга жөнөтүү фактылары (авиабилеттердин каттоо талондору менен) башка жол документтерине ылайык аныкталган.

— Жаңы жыл күндөрүндө 232 бажы кызматкери, алардын ичинде жогорку жетекчиликтеги 20 адам чет өлкөлөп кетишкени Жогорку Кеңеште айтылды. Бул тармакта иштегендер айлык менен мындай эс алууларга жетише албаса керек. Же чын эле көмүскө жактан тапкан-ташыгандары арбынбы?

— Бажы кызматынын кызматкерлеринин кезектеги эмгек өргүүсүнө байланыштуу  өткөн 2016-жылдын 31-декабрына карата Кыргыз Республикасынын бажы органдарында эмгектенген 232 кызматкер эмгек өргүүсүндө болушту. Кызматкерлердин жогоруда көрсөтүлгөн жалпы санынан аталган датага карата 4 кызматкер, 9 кызматкер 2017-жылдын 3-январынан кийин Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгышкан. Үй-бүлөлүк шартына, ден соолугуна кам көрүүгө, дарылануусуна, жеке туугандык карым-катнашына байланыштуу алар Россия Федерациясында, Казакстанда, КЭРда, БАЭда жана Түркияда болушкан. Ал эми МБКнын жогорку жетекчиликтеги 20 кызматкери үй-бүлөсү менен чет өлкөгө барышкандыгы жөнүндө социалдык тармактарда тараган маалымат туура эмес. Бажы кызматкерлери үчүн жеке тартипте республиканын аймагынан тышкары чыгуунун аныкталган-такталган жол-жобосу, тартиби бар. Ошондой эле ички коопсуздук бөлүмү тарабынан кызматтык жана башка маалыматтарды жайылтпоо, тышка чыгарбоо жөнүндөгү көрсөтмөлөр (инструктаж) өткөрүлөт.

— Дача-СУ айылына кулаган “Боинг” учагындагы 86 тонна кандуу жүктүн ээси чыкпай атканы таңгалыштуу болууда. Албетте, жогорку кызматтагы адамдарга тийиштүү экени болжонууда. Сиздерге бул кандуу жүктүн ээси ким экени белгилүү болсо керек?

— Дача-СУ айылындагы окуя өтө кайгылуу кырсык болду. Бейкүнөө адамдардын ажал тапканы кабыргамды кайыштырат. Ушул мүмкүнчүлүктөн дагы бир ирет пайдаланып, ажалдуу учактын курмандыгы болгондордун жакындарына, туугандарына көңүл айтам, маркумдардын жаткан жери жайлуу болсун! Алла Таалам бейишин берсин.

Бортунда 86 тонна жүгү бар учактын кимге таандык экени, кантип кулап түшкөнү, ага эмне себеп болгону, кайгылуу кырсыктын жүз беришине тике жана  кыйыр тиешеси барлар, ал кайсы кызматта болбосун, эртеби-кечпи билинет деп ойлойм. Ал үчүн тиешелүү органдар, кызматтар иштеп жатышса керек. Анык-төгүнүнө жетпей туруп божомолдоо, күмөнсүрөө, шексинүү сыяктуу ойлор, “кимдир бирөөлөргө тиешелүү экен” деген имиш кептердин болушу табыйгый нерсе. “Сиздерге бул жүктүн ээси ким экени белгилүү болсо керек?” деген сурооңор  орунсуз, максатсыз мээленген октой эле божомолдонгон көчөдөгү кептин бири.

“Turkish  Airines” компаниясына таандык Боинг-747 жүк ташуучу учагындагы  товарлар Кыргызстандын аймагына түшүрүлгөн эмес, алар Түркиянын Стамбул  шаарына жеткирип берүү милдетин алган. “Манас” аэропортунда мамлекеттик  чек араны кесип өтүүдө көзөмөлдүн ар кандай түрлөрү: аэропорттун коопсуздук кызматы, укук коргоо органынын, чек ара, бажы, транспорт кызматтары көзөмөлдөшөт. Эл аралык стандарттарга ылайык аэропорттун баардык периметри боюнча видеокамералар, рентген кароо каражаттары, тараза жабдууларын кошо эсептегенде көзөмөлдүн техникалык каражаттары менен толук камсыздалган.

Ошондуктан көзөмөлсүз Кыргыз Республикасынын аймагына товарларды алып өтүү мүмкүн эмес.

— Эмне себептен депутаттар жана башка органдар бажы системасын аңдып, кандайдыр бир кемчиликтерди издеп турушат? Ал эми артыкчылыктары аз айтылат. Тээ илгертен эле башка тармактарга караганда чуулганы көп экени коомчулукка жайылып келгени кандай?

— Бажы кызматына кызыккандар көп. Жашырганда эмне, чачылып жаткан акчаны терип жүргөндөй ойлошот… Бул мурдатан психологияга сиңип калган. Менталитетибиздин ой жүгүртүүсүндө да ушундай стереотиптүү көз караш калыптанган. Бажы кызматынын ар бир бөлүмүндө, өндүрүштүк иштеринде өзүнө жараша түйшүгү, машакаты, оорчулугу жана жоопкерчилиги бар. “Майталкандын үстүндө жүрөт” деген сөз – көчөдө бекер отуруп, тынымсыз иштеп, чапкылап жүргөн, иши жүрүшкөн кишинин чөнтөгүн эсептегенге барабар. Ал эми Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын асылганы жөн жерден эмес. Жеке кызыкчылыктары ишке ашпай калдыбы, кайсы бир ниети ойлогонундай  болбодубу, дароо “чабуулга” өтүшү адатка айланды. Жаңы жыл алдындагы кыска мөөнөттүү эс алгандарды, тууган-туушкандарына барып, ден соолугуна  байланыштуу же ар кандай зарылдыктан улам жеке иши менен жакынкы чет өлкөгө чыккандарды чукуп, Жогорку Кеңештин трибунасында (талкуулаганга башка маанилүү маселелер жок беле?) “сенсацияга” айландыргандар кимдер? Эл өзү көрүп-билип турат. Жумурткадан кыр чыгаргысы келгендерге айла жок экен.  Сиз туура айттыңыз, бажы кызматынын ийгилигин, мамлекеттик казынаны толтуруудагы салымын, бажынын материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүдөгү иш-аракетин, жаңы технологияларды киргизүүдөгү демилгесин  айтып-жактап, “бешенесин сылагандарды” күндүзү чырак менен издесек да  табылбайт. Эмне үчүн? Бажы дегенде биринчи акчадан башканы көрө албасак кантебиз?

— Сиздин дарекке таш ыргыткандар да, алкап-мактагандар да көп. Атагыңыз эл ичинде таш жарып, катуу сөз болот. Бирок, сиз табышмактуу, жабык адам катары прессага чыга бербейсиз. Мунун сыры эмнеде?

— Менин дарегиме таш ыргыткандар, сиз айткандай, алкап-мактагандар канчалык экенин билбейм. Ар кимдин өз көз карашы, ою болот эмеспи. Бул жарыкчылыкта сөз ээрчибеген ким бар? “Ким эмне деп айтты?” деп кимдир бирөөнүн сары изине чөп салгандан алысмын, ага убактым да жок. Мен үчүн биринчи кезекте кызматтык вазыйпамды так, жоопкерчилик менен аткаруу парзым. Бажы кызматына жашыман келгенмин, төмөнкү тепкичтерди басып отуруп, жетекчиликке жеттим, азбы-көпбү эмгегим сиңди деп ойлойм. Бир кызматтан экинчи кызматка “секирик” жасабай эле, кимдир бирөөнүн колдоосу жок эле, “трамплинсиз” эле, өзүмдүн күч-аракетим менен иштеп келатам. “Атагыңыз таш жарат” деген апыртма эле сөз. Эгер апыртма сөз болбосо, өзүңүз сөзүңүзгө кайра каршы чыгып, “сиз табышмактуу, жабык адам катары” деп айтпайт элеңиз… Ырас, мен табиятыман токтоомун, бажылдап көп сүйлөнгөндү жактырбайм. Гезит-журналдарга, телеберүүлөргө (ММК “ээлеп алып” ) чыгып, өзүмдү-өзүм реклама кылдыртпайм, аз сүйлөп, көп иштегенди жактырам, башкалардын да ушул сапатын сыйлайм.

— Анан калса, “Райымбек Матраимов орун басар болгону менен бажыдагы иштин баарын өзү тейлеп, көзөмөлдөйт” деп айтышат. Мындай таасирлүү фигурага айланганыңыз чын элеби? Же ишбилги кадр болгонуңуз үчүн көралбастык сөздөрдүн чыкканыбы?

— КР өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Сулайманов Азамат Талапбекович. Биздин жетекчини мен абдан сыйлайм, урматтайм. Азамат Талапбековичтин жетекчи катары өз орду, статусу бар. Ал бийликтин расмий буйругу менен келген мамлекеттик кызматкер, бажы тармагында кадыр-баркы жогору инсан. Орун басар катары менин да өз милдеттерим бар. Жогоруда сиз айткан сөз биздин арабызга суук мамилени салгысы келгендердин, тагыраак айтканда, “кара мышыкты” коё берип, “кантишээр экен” деп аңдыгандардын, бузукулардын кеби. “Таасирдүү фигура” деген сөзүңүз, менимче, саясатчыларга, коомдук жана мамлекеттик ишмерлерге көбүрөөк таандык болсо керек. А биздин кызмат нагыз өндүрүштөгүдөй эле. Салыктын көлөмү бажы постторунан кирип-чыккан кыймылдарга, импорт менен экспорттун көлөмүнө жараша болот жана мамлекеттин экономикалык коопсуздугун камсыздоо милдетинин орчундуу бөлүгү да бизге жүктөлгөн. Баарыбыз саясатташып жатып  алсак, ким иштейт, ким казынаны толтурат, ким бюджеттегилерди каржылайт?   Менин жеке көз карашымда ар бир жаран (ал кандай кызматты ээлебесин, ким болбосун) өз милдетине так жооп берсе, биз өсүп-өнүгөбүз.

— Сиздин толтурган декларацияңыз катардагы эле чиновниктин элесин жаратат экен. Бирок, эл оозунда Кыргызстандагы алдыңкы байлардын катарына кирээриңиз байма-бай айтылып келет. Өзүңүздү ашкан бай адам катары эсептейсизби?

— Мендеги бар мүлктү, тапкан кирешемди декларацияда көрсөткөм. Сиз  айткандай, Кыргызстандагы эң бай адамдардын катарында көрүшсө, демек баймын (тамаша). Менин байлыгым – үй-бүлөм, бир туугандарым, досторум, туулган айылым, эл-журтум, Мекеним Кыргызстан!  Ден соолугуң болсо, элге аз да болсо пайдаң тийип, кызмат кылып жатсаң, адамга мындан ашкан байлык барбы?  Карапайым адамдарга колдон келген жардамды бергеним үчүн, жетим-жесир, бей- бечара, карыпты көрсөм, кыя басып кетпегеним үчүн, чыгармачыл инсандарды, таланттарды, спортчуларды, аксакалдар менен энелерди колдогонум үчүн, идиреги бар, келечектүү жаштарды өстүрүүнү каалаганым үчүн мен баймын. Менин ата-энем жөнөкөй адамдар болушкан. “Адамдардан жардамыңды аяба, бирөөгө жакшылык кылсаң милдет кылба, өзүмдө эле болсун деген өзүмчүлдүктөн, бирөөгө көр казган карөзгөйлүктөн алыс бол” деп тарбиялашкан.

— Матраимовдор Кыргызстанда таасирдүү чоң клан катары белгилүү болуп калды го. Себеби, шайлоолордо, же коомдук ар кандай иш-чараларда сиздер жараткан үлкөн ийгиликтерди, демилгелерди байкайбыз. Бул жагынан кенен жооп кылсаңыз болобу?

— “Клан” деген сөздү туура колдонуу зарыл. Дегеле башка тилдерден кирген сөздөрдү үзүп-жулкуп, кыргыздын төл сөздөрүнүн катарына мажбурлап  киргизүүнү зарылдыгы барбы? “Матраимовдордун кланы” деген жазмакерлердин ойлоп тапканы. Менин бир туугандарым жөнүндө ар кыл жаман сөз, ушак таркаткандардын абийирине койдум. “Ар ким бешенесине жазылган тагдырын көрөт, Алла Таала насип кылган ырыскыны терип жейт” дейт динибизде. Сиз  сурап жатпайсызбы, коомдук ар кандай иштерде жараткан ийгиликтер, демилгелер жөнүндө. Мен жана менин бир туугандарым соопчулук, кайрымдуулук иштерди көп жасайбыз, аны инсандык парзыбыз катары көрөбүз, бирок шардана айтып, мактанып, жарыя кылууну жактырбайбыз… Эл билсе, элдин дилинде болсо, аз да болсо кимдир бирөөлөрдүн жүрөгүн жылытса, ошого ыраазыбыз.

— “Райым Миллион” деген лакап атка арданбайсызбы? 

— Мага асылып, мен жөнүндө жаман сөз, ушак айткандарга капа деле эмесмин, таарынбайм. Буту менен баспай, оозу менен баскан, ооз көптүрүп, жамандык издеген кишилердин гана чөйрөсүндө “ошол лакабы” айтылбаса, эл-журт, кесиптештерим азан чакырып койгон атымдан эле айтышат. Элде “Ийри таяктан түз көлөкө түшпөйт” деген накыл кеп бар эмеспи. Эгер алардын дээринде, насилинде ою, ниети түз болбосо, мен кантип түздөмөк элем?

Суроо салган Асланбек САРТБАЕВ

Булак: “Азия ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 + = 81

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: