Menu

Кыргыз Республикасы менен «БТА Банк» акционердик коомунун ортосундагы арбитраждык талаш жөнгө салынды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Сот өкүлчүлүгү борбору Кыргыз Республикасы менен казакстандык «БТА Банк» акционердик коомунун (мындан ары – «БТА-Банк») ортосундагы эл аралык арбитраждык талаштын тынч жол менен жөнгө салынгандыгын маалымдайт.

2011-жылы «БТА Банк» Кыргыз Республикасына карата Гаагадагы Туруктуу Арбитраждык Сот тарабынан башкарылган эл аралык инвестициялык арбитражга Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана башка жактардын мыйзамсыз аракеттери тууралуу доо арызын берген, «БТА Банк» билдиргендей, жогоруда аталган жактар Кыргыз Республикасындагы «БТА Банктын» туунду банкындагы доочунун 71% акциясын мыйзамсыз экспроприациялаган. «БТА Банктын» пикири боюнча, бул Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын Өкмөттөр аралык инвестицияларды өз-ара коргоо тууралуу келишимдин бузулушуна алып келген. Доонун суммасы 75 миллион АКШ долларын түзгөн.

2018-жылдын мартында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана «БТА Банк» жогоруда аталган талашты тынчтык жолу аркылуу толугу менен жөнгө салды жана арбитраждык өндүрүш токтотулду.

Тынчтык келишимине ылайык, талаш Кыргыз Республикасынын кандайдыр-бир жоопкерчилиги таанылбастан жана Кыргыз Республикасы тараптан кандайдыр-бир компенсация төлөнбөстөн жөнгө салынып жана арбитраждык өндүрүш токтотулду.
Талаштын тынчтык жол менен жөнгө салынышы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн активдүү иш-аракеттеринин натыйжасы катары болгондугун белгилейбиз.

Тынчтык келишиминин шартына ылайык, «БТА Банк» учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун менчигинде турган өзүнүн туунду банкынын 7,7 пайыз акциясын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунан рынок баасы боюнча сатып алууга милдеттендирилди.

Эл аралык арбитраждык өндүрүштө жогорудагы иш боюнча Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Сот өкүлчүлүгү борбору жана «King & Wood Mallesons» эл аралык юридикалык фирмасы жактаган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 13 − 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: