Орусия президенти Владимир Путин Борбор Азиядагы үч өлкөгө сапарын баштады. Бүгүн, 27-февралда орусиялык лидер Алматыдан Дүйшөмбүгө учуп барат.
Алматыда Казакстан президенти орусиялык кесиптеши менен бейрасмий түрдө жолугушту. Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песковдун билдиришинче, эки өлкө жетекчиси жекшембиде Алматыдан алыс эмес жердеги курортто лыжа тебишти. Бүгүн расмий жолугушуу болору күтүлүүдө.
Жолугушууда Казакстан менен Орусиянын эки тараптуу кызматташтыгынын келечеги жана сирия жаңжалын жөнгө салуу сыяктуу эл аралык маселелер талкууланат.
Дүйшөмбүдө Владимир Путин Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен жолугат. Бул өлкөдө жети документке кол коюлары күтүлүүдө. Путиндин сапарынан кийин Орусиядан депортацияланган тажик мигранттарынын жапырт түрдө “кара тизмеден” чыгуусу пландалган.
Путин 28-февралда Кыргызстанга келип, президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушат.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ