Чүйдүн Жайыл районуна караштуу Новониколаевка айылында 26- февраль күнү кечки саат 18:20 чамасында азият түспөлүндөгү, жашы болжол менен 40-45 жаштардагы аялдын сөөгү табылган. Анын өздүгүн тактай келгенде ошол айылда жашаган жашоочу болуп чыккан. Анын катуу ур тепкиге алынып көз жумганы денесиндеги тактардан улам билинген. Окуянын изин суутпаган из кубарлар көп өтпөй эле, окуяга шектүү катары 30 жаштагы аял кишини кармашып суракка алышканда, ал каза болгон аялды өз колу менен өлтүргөнүн мойнуна алган. Эми чоң муштум аялдын мындан аркы жашоосу темир тор артында өтөт го…
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ