Menu

Тармактык комитет Сауд өнүктүрүү фондунан Түндүк – Түштүк жолу үчүн 20 млн доллар жеӊилдетилген насыя каражатын алууга макулдугун берди

Бөлүшүү:

Бүгүн, 28-февралда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы Түндүк-Түштүк автожолун реконструкциялоо долбоору (“Балыкчы – Жалал-Абад” альтернативдик автожолу) боюнча Насыялык келишимдин долбоору каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Аталган маселе боюнча КР Транспорт жана жолдор министринин орун басары Азимкан Жусубалиев суроолорго жооп берди. Анын маалыматы боюнча Сауд өнүктүрүү фонду Түндүк – Түштүк автожолунун 24 чакырымга созулган Дыйкан – Кызыл-Жылдыз – Жумгал участогунун курулушуна 20 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлөт. Насыя каражаты 1 пайыздуу үстөгү менен 25 жылга берилип, анын алгачкы 5 жылы жеӊилдетилген мөөнөт болуп саналат. «Бул участканын ар чакырымы үчүн болжол менен 1,5 млн доллар каражат жумшалат. Жол курулушу 36 ай аралыгында аяктоого тийиш. Азыркы учурда бул жолдун каржы булактары толук аныкталды десек болот», – деп кошумчалады ал.

Жыйын жүрүшүндө КР Өкмөтүнүн жалпы узундугу 433 чакырымга созулган 4 тилкелүү Түндүк – Түштүк автожолун акы төлөнүүчү жолго айлантуу ниети бар экени белгилүү болду.

Жыйынтыгында тармактык комитет Өкмөткө Сауд өнүктүрүү фонду менен Түндүк – Түштүк жолу үчүн 20 млн доллар өлчөмүндө жеӊилдетилген насыя каражатын алуу боюнча макулдашуу түзүүгө макулдугун берди.

Мындан сырткары, тармактык комитеттин отурумнда “Бишкек шаарында 2016-жылдын 2-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Атайын операциялар) (Бириктирүүчү жолдун долбоору, БАРЭК 1 жана 3-коридорлору) ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору да каралып, жактырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: