“Кийинки келген президент мен баштаган коррупцияга каршы күрөштү аягына чыгарууга духу жетеби же жокпу билбейм. Бирок мен бийликте турганда бул иштер аягына чыгат. Мен президенттиктен кеткенден кийин деле саясатта кала берем”, – деп билдирди бүгүн, 28-февралда Алмаз Атамбаев Россиянын президенти Владимир Путин менен биргелешкен маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
Эсиңиздерге сала кетсек, Владимир Путин Борбор Азия өлкөлөрүнө жасаган турнесинин алкагында бүгүн Кыргызстанга бир күндүк расмий сапар менен келген.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ