Коомдук телерадио корпорациясынын учурдагы директору жол кырсыгына кабылды.
Такталып жаткан маалыматтарга караганда кырсык бүгүн 1-мартта түнкү саат 03.00дө болгон. Карыпбеков Аалы Токомбаев (Түштүк магистралы) көчөсү менен чыгышты көздөй келе жаткан. Окуя ошол жакта орнотулган видеокамерага түшүп калган. Видеодо көрүнүп тургандай Илим Карыпбеков айдаган унаа “Сенатор” ресторанынын алдынан жол жээгине чыгып кетип түркүккө урулат.
Кырсыктан алган ар кандай жаракаттар менен ал 4 шаардык ооруканага жеткирилди.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ