Menu

Базаркуловду басып койчу жан барбы?

Бөлүшүү:

Гезитибиздин өткөн жумадагы санында ЖТРнын башкы директору Куттумидин Базаркуловдун өзүм билемдик менен иш жүргүзүп жатканы тууралуу материал жарыяланган. Ошол материалды тастыктап, ЖТРнын кызматкерлери Президентке кайрылуу жасашыптыр. Кайрылуу өзгөртүлбөстөн берилди.  

Кыргыз Республикасынын президенти А.Ш.АТАМБАЕВге

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Биз, Жалал-Абад областтык мамлекеттик телерадиокомпаниясынын кызматкерлери, Сиздин мамлекет башында турган жооптуу жана түйшүктүү кызматыңызга оомат, өзүңүзгө бекем ден соолук каалайбыз.

Сиздин Кыргыз Республикасынын өнүгүп-өсүүсүнө, калкынын жашоосунун жакшырышына, экономикасынын жогорулашына, дүйнөнүн алдыңкы, өнүккөн өлкөлөрүнө тең ата болуп, бардык жактан алдыга карай умтулуусуна кошкон салымыңыз жана мээнетиңиз опол-тоодой экендигин билебиз. Айрыкча ашынган жемкорлордун тизгинин бууп, алдым-жуттумдар, мамлекетке коркунуч туудурган күчтөр менен келишпес күрөш жүргүзүп келгендигиңиз элдин алкоосуна татып турган кез. Биз дагы карапайым жарандардын сабында Сиздин жүргүзгөн саясатыңызды чын ниетибизден колдой тургандыгыбызды билдиребиз. Айрыкча Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгында эл алдында ачык айткан кептериңиз, мамлекеттин ички саясатында элди бөлүп жарган бузукулардын аракетин ашкере кылгандыгыңыз бизди кубантып жатат. Анткени, биз дагы Сиз белгилеген жемкор, ашынган коррупционер, мамлекет үчүн коркунуч алып келген, бузуку, калпычы жана кузгун, Кудайдан коркпогон эки жүздүү адамдан кутула албай келе жатабыз. Ал-Жалал-Абад областтык телерадиокомпаниясынын башкы директору Куттумидин Базаркулов. Анын тележурналистикада эч кандай иш тажрыйбасы жок болсо да, билими жана адистиги туура келбесе да (кесиби орус тил мугалими) 2010-жылдагы экинчи элдик революциянын капшабы менен, убактылуу өкмөттүн мүчөсү, “Ата-Мекен” саясий партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин колдоосу менен аталган телерадиокомпанияны жетектеп калды. Ал бул кызматка келгенде эле ишти туура эмес баштап, мурдатан (себеби телерадиокомпаниянын 25 жылдык тарыхы бар) алды жыйырма жыл, арты он жыл иштеген, билимдүү жана тажрыйбалуу журналисттерди куугунтуктап, жумуштан кетире баштады. Кесипкөй адистерден коркуп, алардан четинен кутулуп, жумушка жалаң студенттерди, тажрыйбасы жетишсиз кадрларды топтоп алды. Мына ошонун кеспетинен мурда жергиликтүү басма сөз каражаттарынын флагманы болуп келген Жалал-Абад телерадиокомпаниясынын (ЖТР) деңгээли өтө төмөн түшүп, көрсөтүүлөрдүн сапаты төмөндөп, көрүүчүлөрүн жоготту.

Ошол эле кезде телерадиокомпания жалгыз К.Базаркуловго кызмат кылып,анын жеке менчигине айлана баштады. Кызматка жалаң гана анын өкүл уул, өкүл кыздары жана алардын туугандары,досжарлары гана алынып жатты. Ошол эле мезгилде мамлекеттин мүлкүнө ачык эле кол салып, менчигиндей пайдаланып, телерадиокомпаниянын ички жабдыктарын, аппаратураларын четинен сатып, же алмаштырып, өз билгенин жасап келе жатат. Мисалы, 2010-жылдын июнь коогалаңында ЖТРдин имараты күйүп кеткендиги анык. Бирок, сырты гана күйүп, ички жабдыктары зыянга учураган эмес. Бирок, К.Базаркулов жалган АКТыларды түздүрүп, ички жабдыктары “күл болуп, күйүп кетти” деп, болгон жабдыктарды, видеоаппаратураларды, ташып кеткен фактысы бар. Тилекке каршы, аны кылдат иликтеген жан жок.

Жалал-Абад телерадиокомпаниянын балансында турган, наркы 365 миң сомдук Радиорелейлик өткөргүчтү Ө.Текебаевдин менчик “Сентябрь” телеканалына берип салды. Муну менен аны колго алып, түбүн бекемдеп аткансыды. Себеби, анын атына жамынып, жалаң гана мыйзамсыз иштерди ж а с а п келе жатат. Анын жасаган мыйзамсыз иштери, жеп ичкен фактылары ачыкка чыкса да, андан тыянак чыкпай. “жабылуу аяк, жабылуу” бойдон калып жатат. Буга түздөн-түз Ө.Текебаевдин салымы бар экендиги ачык эле айтылууда. 2014-жылдын 18-октябрында кечки саат 20.00дө “Хизб-ут-Тахрир” диний агымынын 20 минуталык үгүттөө программасын ЖТРдин эфиринен көрсөткөн. Мамлекеттик түзүлүшкө коркунуч алып келген бул видеотасма үчүн кылмыш иши козголгону менен жетекчи катары жооп бергендин ордуна, видеотехникти күнөөкөр кылып, азыркы кезге чейин сот иши аягына чыкпай келе жатат. Бул иште жетекчи катары анын жоопкерчилиги болуш керек эле, тилекке каршы, ал өз күнөөсүн мойнуна албай келүүдө.

Мамлекетибиздин ички турмушундагы өзгөрүүлөргө кайдыгер карайт. Мисалы. КРнын Өкмөтүнүн оптимизация саясатына карамандай каршы чыгып, Өкмөттүн 2016-жылдын 1февралындагы №42-Токтомун ишке ашыруудан баш тартып, кыскартууга дуушар болгон бир катар кызматкерлерди бир ай толук иштетип алып эмгек маяна төлөбөй жумуштан кетирди . Муну менен ал жамаат арасында бузукулук аракетин жүргүзүп, кызматкерлерди мамлекеттик саясатка каршы тукуруп, үгүттөп, адамдарды уюштуруп, Бишкекке чейин алып барып, Маданият, маалымат жана туризм министирлигине жана бир катар депутаттарга чейин киргизип токтомго каршы чыкты.

Мезгил талабы боюнча республикадагы бардык телеканалдар санариптик системага өткөрүлүп жатат. Анын катарында ЖТР да кирип, санарипке өткөрүү үчүн жабдыктарды сатып алуу боюнча мамлекеттен беш миллион сом акча бөлүнгөн. Ага КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан сунушталган видеоаппаратуралар, жабдыктар сатылып алынышы керек эле. Бирок, К.Базаркулов эч кимдин сунушун эске албай, өзүм билемдик менен жасалма тендер өткөргөн болуп жана жасалма фирмалар аркылуу видеоаппаратураларды сатып алган. Ал аппаратуралардын дээрлик бардыгы ишке жарамсыз болуп чыкты. Ушундай амалкөйлүк аракети менен мамлекеттин 1 миллион 227 миң сомун кымырып калууга үлгүргөн. Бирок, анысы ачыкка чыкса да, ага карата эч кандай чара көрүлбөй жатат. Кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат. Мындан улам мамлекетке ушунча зыян келип турган чакта, жетекчи К.Базаркулов билип туруп атайын , кайдыгер мамиле жасаган адамдын, жетекчи болуп турганга укугу барбы деген суроо туулат.

Мындан сырткары да ‘мамлекеттик мүлккө кол салып, канчалаган акча каражаттарын мыйзамсыз колдонгонун токтотпой келет. Буга далил компанияга тиешелүү эки видеокамеранын сатылышы. Ал Маданият, маалымат жана туризм министрлигин да, жергиликтүү бийликти да көзүнө илбейт жана алар менен иштешүүнү каалабайт. Ачык эле Ө.Текебаевдин атын сатып, ага ишенип алып, “мен силерге көрсөтөм, азыр Текебаевди ээрчитип келип, атаңарды таанытам” дегенге чейин барат. Муну маалымат департаментинин кызматкерлери далилдеп беришет. Мындайча айтканда азыр ал Кудайды да тааныбай турган кези.

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Сиз Куттумидин Базаркуловго окшогон мамлекетке зыян келтирген адамдар менен келишпес күрөш жүргүзүп жаткандыгыңыздан улам Сизге кайрылууга аргасыз болдук. Биздин өтүнүчүбүз бул маселени өзүңүз көзөмөлгө алып, дыкат текшертип, туура тыянак чыгарууга көмөк көрсөтсөңүз. Мамлекеттик түзүлүшкө кайдыгер караган, өз кызыкчылыгын катуу көздөгөн, жетекчилик кызматка жөндөмсүз адамды кызматтан четтетип, жасаган кылмышына жараша жоопкерчиликке тартып берүүңүздү суранабыз.

Жалал-Абад областтык мамлекеттик телерадиокомпаниясынын кызматкерлери: Өктөм ТАГАЕВА, башкы эсепчи; Тазагүл ШАМШИЕВА, директордун орун басары; Жекшен АЙДАРБЕКОВ, техникалык топтун жетекчиси; Жамила ТЕМИРОВА, кабарчы; Батма КАЙНАЗАРОВА, үн режиссер; Бурхан МААТОВ, видеотехник.    

Булак: Жаңы Ордо

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 − = 74

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: