Menu

Эрика Марат, Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинин профессору: “Бийлик өзүн-өзү жарга такады”

Бөлүшүү:

Эми бул кырдаалдан чыгуу үчүн бийликке да, саясий күчтөргө да өтө кылдаттык зарыл. Болбосо өлкөдө бейстабилдүүлүк болушу мүмкүн. Мындай пикири менен «Азаттыкка» Вашингтондогу Улуттук коргонуу университетинин профес­сору Эрика Марат бөлүштү.

– «АтаМекендин»лидери Текебаев камалгандан кийин нааразылык акциялары чыкты. Эл аралык медиалар “Кыргызстанда кайрадан ызы-чуу башталды” деп жазууда. Сырттан туруп Кыргызстандагы кырдаалга кандай баа бере аласыз?

– Президент Алмазбек Атам­баев мурдагы өлкө башчылардын катасын кайталап, шайлоо алдында кырдаалды күчөтүп жатат деп ойлойм. Таза, атаандаштык шартта шайлоо өткөрүп, өзүнүн алты жылдык конституциялык мөөнөтү аяктаган соң, бийликти тынч өткөрүп тарыхта калуу ордуна Атамбаев тескери кадамдарга барды. Текебаев кайсы бир деңгээлде күнөөлүү чыгаар, бирок ал бийликтеги мындай күнөөсү бар жалгыз адам эмес. Бирок ушунун баарынын эми чыгып жатканы Атамбаевди көбүрөөк шайлоо тынчсыздандырьш жатканын көрсөтүүдө. Текебаевге каршы операция мураскер калтыруу мүдөөсүнөн улам башталды деп айтсак болот. Атамбаев азыр өзүнүн саясий оппоненттерин саясий күрөштөн оолактатып, шайлоодо эң көп добуш топтогон адам анын мураскери боло тургандай кырдаал түзүүгө даярданып жатат.

– Жакында эле Брюсселде Европа лидерлери Атамбаевди жылуу кабыл алып, кыргыз парламентаризмине колдоо көрсөтүштү. Андан бир жума өткөн соң прези­денттин парламентгеги башкы оппонентинин кармалышы Кыргызстандын аброюна шек келтирбейби?

-Албетте, бул нерсе парламентаризмдин негиздерин, 2010-жылдан бери курулуп келген демократиянын базасынын беделине шек келтирүүдө. 2016- жылы өткөрүлгөн конституция­лык референдум жана алдыдагы шайлоо да Кыргызстан авторитаризмге бет алганын жана коңшу мамлекеттерге окшоп баратканын көрсөтүп жатат.

Экс-президент Роза Отунбаева «Ала-Too» аянтында кайрылуу жасап, бардык күчтөрдү консолидацияга чакырды. Азыркы оппозиция канчалык деңгээлде бирдиктүү күч боло алат?

– Отунбаеванын кайсы күчтөрдү биригүүгө чакырганы тууралуу эч нерсе айта албайм. Бирок 2005-2010-жылдары оппозиция консолидация болгон эмес, ошону эстен чыгарбоо керек. Алар ар кандай, ар башка максаттарды көздөгөн күчтөр эле. Алардын айрымдарынын көз карапггары бири-биринен аябай эле айырмаланып турчу. Бирок аларга бир учурда чогулуп, ошол кездеги бийликке каршы турууга тоскоолдук болгон жок. Бул Кыргызстанда жана башка өлкөлөр үчүн да авторитаризм күчөгөн маалда ар кайсы саясий оппоненттер бир блокко айлануусу салттуу эле көрүнүш.

– Кыргызсганга Орусиянын президен­ти Владимир Путиндин сапарынын алдында ушунун баары уюшулуп жатышы эмнеден кабар берет?

– Албетте, жөн жерден эмес. Анткени Путин Кыргызстандагы өнүгүүгө жана кийинки президенттин ким болоруна Ору­сиянын таасири күчтүү экенин көрсөтүүгө аракет кылат. Муну менен ал Орусиянын аймактагы таасирин дагы бир жолу бекемдейт. Ушундай эле максат менен ал Каримов дүйнөдөн кайтканда Өзбекстанга барган. Муну менен ал Каримовдон кийин президенттикке келе турган адамга оң көз карашта экенин билдирген. Бул жолку анын сапары да Москванын Кыргызстандын саясий курсундагы чоң маанилүүлүгүн көрсөтүүгө байланышкан.

Бул саясий кырдаалдан кантип чыгуу керек? Мур­дагы өнөктөштөр Атам­баев менен Текебаевдин конфронтациясы өлкөдөгү стабилдүүлүккө доо кетирбейби?

-Абдан оор жана олуттуу кыр­даал түзүлүп жатат. Атамбаев өзүн-өзү жарга такады. Эгер ал күч колдонуп нааразылыкка чыккандардын оозун жабам десе, оппозициянын каршылыгы күчөйт. Бул сөзсүз эле куралдуу күч эмес, мен жалпы басым-кысымды айтып жатам. Президент оппозицияны ооздуктоого аракет кылган сайын Бишкекте, аймактарда каршылык маанайы күчөйт. Эсиңерге сала кетсем, 2010-жылкы Кыргызстандагы окуяны же баш­ка өлкөлөрдү алсак, оппозиция ушундай кырдаалда өрчүп кетерин байкасак болот. Дестабилдешүү тез эле тутанып кетет. Ошол себептүү Атамбаев да, оппозициялык күчтөргө да саясий процесстерге кылдат карап, өлкөдө бейстабилдүүлүк орношуна жол бербөөлөрү керек.

Булак: “ПолитКлиника”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: