“Ушу тапта Кыргызстан кылмыштуулук деӊгээли боюнча КМШ өлкөлөрүнүн арасында алдыӊкы үчилтикке кирди. Ошондуктан, баарыдан мурда жаш муундарга туура таалим-тарбыя берүү ишин колго алышыбыз керек. Жалпы коомчулуктун биргелешкен аракети зарыл. Ансыз өлкөдөгү кылмыштуулукту азайта албайбыз” – деп билдирди депутат Махабат Мавлянова Жогорку Кеӊеш жыйынында. Бул туурасында КР ЖК басма сөз кызматы кабарлады.
«Азыр мектептерде адеп сабагы аптасына бир жолу өткөрүлөт. Ал 8-класска чейин эле окутулат экен. Адеп сабагын аптасына эки жолу 11-класска чейин окутуу, сабактын сапатын жогорулатуу чараларын көрүү зарыл. Ошондой эле, мектептерден тышкары, адеп сабагын жогорку жана кесиптик окуу жайларына да киргизүү жагын да ойлонуп көрүшүбүз керек», – деп кошумчалады эл өкүлү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ